Кыргыз Респбуликасында 9,1 миллион гектар жайыт бар. Анын ичинен 1 миллиондон ашууну токой чарбасынын карамагында. Калганына жаз, жай мезгилдеринде мал жайылат. Мал жайылган жайыттардын ролу Кыргызстандын экономикасы үчүн чоң мааниге ээ. Жайыт маселеси менен атайын комитет иш алып барат, бул Жайыт комитети.
Бакай-Ата районунун түз эфиринде, айылдагы Жайыт комитетинин өкүлдөрү менен талкуу болду. Берүүнүн алкагында, канча жер бар, мал башына чогултулган салыктын баасы жана жалпы бюджет кантип бөлүнөт, ушул сыяктуу суроолорго эксперттерден жооп алдык. Программанын эксперттери болуп Бакай-Ата айылы боюнча Жайыт комитетинин төрагасы жана эсеп-бухгалтери катышты.
Эскерте кетсек, бул уктуруу Кыргызстандагы Фридрих Эберт атындагы Фонд тарабынан колдоого алынып, каржыланууда.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова