Жай – балдар үчүн эс алуу, оюн-зоок, бош убакыт көп болгон мезгил. Бирок дал ушул учурда телефон, планшет жана компьютерге болгон кызыгуу күчөп, экран көз карандылыгы пайда болуп же мурдагыдан да тереңдеп кетиши мүмкүн. Телефонду чектөөсүз колдонуу, айрыкча балдар үчүн, бир катар терс кесепеттерди жаратышы мүмкүн. Балага барын ачык берип коюу болбойт, анткени ал маалыматты чыпкалоону билбейт. Телефон колдонууда ата-эненин көзөмөлү жана чектөөсү өтө зарыл.

Ата- энелер мектебинин катышуучусу Дарика Бекниязова балдарга телефонду эрте жашында бербөөнү сунуштайт. Ошондой эле кийинчерээк колдонуу убактысын 45–50 мүнөт менен чектөө керектигин белгиледи. Бул убакыт окуу, электрондук китеп окуу же аудиокитеп уккан сыяктуу пайдалуу максаттарга жумшалышы керек. Бирок көңүл ачуучу көп тиркемелерге уруксат бербөө зарыл. Ата-эне өздөрү да телефонду чектелүү жана орундуу колдонуп, балага үлгү болушу керек. Эгер ата-эне туура эмес колдонсо, бала да ошол адатты кайталайт.
Телефонду ашыкча жана пайдасыз колдонуу бир катар көйгөйлөргө алып келет:
• Тил өнүгүүсүнө зыян – көп балдардын тили кеч чыгууда, логопеддин жардамына муктаж болушат.
• Эс тутум начарлайт – мектеп окуучулары жаттай албайт, көңүлү бат чөгөт, тынч отура албайт. Маалыматтын ашыктыгы мээнин ишин басаңдатат.
• Ден соолук көйгөйлөрү – телефонду карап туруп тамак жегенде бала эмне жеп жатканын аңдабай калат. Мындай учурда ашказан керектүү ферменттерди бөлүп чыгарбайт, натыйжада ашказан иши бузулушу мүмкүн. Бул тамак сиңирүү ооруларына жана башка ден соолук көйгөйлөрүнө алып келет.
Каникул маалында да тартип сактоо
Жайкы каникул учурунда балдарды телефонго эркин коё берүү туура эмес. Окуу учурундагыдай эле чектөө керек — күнүнө 45–50 мүнөттөн ашпашы зарыл. Ошондой эле ата-эне дайыма текшерип турушу керек: бала эмнени көрүп жатат, кандай маалымат алып жатат.
Жай – баланын эс алуусу менен бирге, ден соолугуна жана өнүгүүсүнө кам көрүү мезгили. Телефон – билим алууга да, көңүл ачууну камсыз кылууга да мүмкүнчүлүк берген курал. Бирок аны чектөөсүз колдонуу баланын акыл-эс жана ден соолук өнүгүүсүнө зыян келтирет. Ошондуктан ата-эне убакытты чектеп, мазмунун көзөмөлдөп, өзүлөрү да туура үлгү көрсөтүшү керек.
Айпери Марлесова