Баланы түшүнө билсе керек болсо эмчектеги бала дагы азыраак ыйлайт. Алгач баланын муктаждыктарын билүү маанилүү. Деги эле бардык мамиледе бири-биринин муктаждыгын түшүнгөндө гормания пайда болот деген «Kyrgyz Concept» компаниясынын президенти, бизнесмен Эмил Уметалиев бала тарбиясы, инсандын ийгилик жолу эмнеден кураларын айтып берет.
Эгерде өзүн жана башкаларды коргой алган бала өссүн десек…
— Бизде саналуу эле кишилер акылмандуулук, айкөлдүк кылып балага сабырдуу мамиле кылганды биле алат. Сөзсүз түрдө баланын шагын сындырбай, баланын үмүтүн үзбөй, өзүнө болгон ишеничин жоготпой тескерисинче аны топтогонду билишет. Калгандарыбыз өзгөчө совет доорунан баштап алар үйрөткөн бала кандай болуш керек, кандай бала жакшы, жаман деген идеянын негизинде баланы кадимкидей үйрөтүлгөн же кайсы бир ишеничке таянып алып, башкалардын ой-пикирин, көңүлүн эске албастан абдан кырс мамиле кылганды үйрөтүшөт. Ата-эне дагы бала тарбиясында тартиптүү деп багынган, баш ийген баланы түшүнүшөт. Ошентип бала туубаса өзүнүн көңүлүн коргогонго аракет кылат бирок, кичинекей кезинен аны баш ийдирип багындыра берип тарбия деген сөз трассировка (кадам сайын коюлган программа) деген сөз менен барабар болуп калган.
Ошентип, биздин түшүнүктө багынган бала өзүнүн көңүлү менен эмес күчтүүнүн көңүлүн карап турган баланы жакшы бала, жакшы жүрөт, тартиптүү деп эсептейбиз. Эгерде биз өзүн- өзү жана башкаларды дагы коргой алган бала өссүн десек анда башынан баштап баланын дүйнө таанымы түптөлүп келе жаткан мезгилден тарта баланын өзүнө болгон ишеничин топтогонго шарт түзүшүбүз керек. Кээ бир учурларда эң биринчи анын жеңүүчү болууга аракет кылган учурларында ата-энеси утулумуш болуп бардык эле учурда аны оңдоп, сындап сөзсүз эле жыга бергенге шашпай умтулбай ата-энеси ага утуу (жеңүүчү болуу) сезимдерин бере билиши, шарт түзүүсү керек.
Өтө калп эмес бирок, жогоруда айткандай ар бир учурда эле сөзгө болсун, түрдүү оюндарда болсун жыга бергенге аракет кылбастан жеңүүчү кылып утуу сезимдерин топтогонго жардам бериш керек. Эгер ата-эне баланын кичине кезинен жеңүүчү болуу сезимин сезип калганга көндүрө алса бала келечекте утулуучу болуп көнүп калбайт. Кайсы бир учурда жеңүүчү дагы боло алуу мүнөзү калыптанат.
Өзгөчө кыздарга көңүл буруу керек…
— Өзгөчө кыздарга эне-ата көбүрөөк көңүл буруп, аларды татыктуу кыз болуп өссүн деген ой менен бирок, сен кызсың андай бол, мындай бол, тартиптүү бол, тизеңди жый, этегиңди жап, бутуңду көтөрбө, үнүңдү көтөрбө деп жатып кыздарды ушунчалык өтө этияттап жургөн маанайда өстүрүшөт. Мындан улам кыздар өзүнүн эркиндигин пикирин коргобостон башка бирөөнүн пикири менен гана жашап калууга ийкемдүү келишип кокустан турумш курууга мажбурлоого туш болсо ошол тарбиянын негизинде өзүн ойлобой башкаларды уят кылбайын деп жашап калат.
Кантип мындан арылсак болот?
-Балага кичинекей чагынан эркиндик беришибиз керек. Биринчи кезекте акыл эси багынып, баш ийип калуусу эмес акыл эси, сөз эркиндиги, ой эркиндигин камсыздоо зарыл. Ал эми ой эркиндигине жетүү үчүн баланы тыюулардан алыс болушубуз керек. Баланын эркиндиги чексиз болуш керек. Кайсыл жерден анын чеги болот десек, башка баланын эркиндиги башталаган жерден ал баланын чеги таанылыш керек. Чексиз эркиндиги бар бирок, башка кишинин эркиндиги башталган жерден чеги болот. Ошентип баланы багындырып тарбиялабастан төмөндөгү 3 нерсени эске алуу зарыл.
1. Кабыл алуу
2. Түшүнүү
3. Колдоо жана кубаттоо
Бул бир гана бала тарбиясына тишелүү эмес ар бир адам акыл эске кирип баштагандан тарта өзүн-өзү кабыл алганды билиш керек. Өзүн-өзү сындабай, четке какпай өзүн сорттобой менин мунум кемчил тигиним мындай дебестен физикалык болсун, менталдыкпы же эмоционалдык кемчиликтерин сындабай татыктуу кабыл алганды үйрөнүшү зарыл. Аны менен бирге өзүн-өзү түшүнө билип, башкалар менен кызматташып отуруп колдоо, кубаттоону тапса болот. Бирөө гана берет деп күтпөш керек. Ар бир адам өзүнө керектүү колдоону акыл эси менен таанып, терип изденүү аркылуу тапса болот. Ал үчүн китептер, шыктандырган, үлгү болчу инсандар же ошондой чөйрө керектелет.
Биз баланын кемчилигине көп көңүл бурабыз
— Биз баланын кемчиликтерин эле чукулай беребиз. Мисалы, 10 иш жасап ошонун бирөөсүн эле туура эмес кылып койсо ошол бир катачылыкка көңүл буруп жемелей беребиз, баланы сындырабыз. Ал эми акылмандар, билимдүүлөр баласынын 4-5 эмес 9-10 ишини ката болуп 11-жасаганы ийгиликтүү, жакшы болуп калса башкаларына көз жумумуш болуп 11-си жакшы ошону улантып кетсин деп ошону эле улам мисал кылып, позитивдүү жакшы маанайда ошого гана көңүл буруп калышат экен. Анан бала бара-бара ата-энеси биринчи ирет жакшы деп тааныган нерселерин көбөйткөнгө аракет кылып жаман нерселерине же каталарына убактысы дагы калбай калат.
Аары болуу бул жашоодогу негизги милдетибиз деп түшүнөлү
Ымыркайдын тамагына бир жашка чейин туз жана шекер кошпоо керек
Дарыгер: Ымыркайдын жынысы аялдан көз каранды болбойт
Айгерим Кубатбекова