Кыргызстанда жайында август айы жана кыш мезгилинде январь айында эң көп адам саякатка чыгышат. Мурда жаштар гана саякаттаганы чыкса учурда улуулар дагы кызыга баштады. Мындай турларды уюштургандардын максаты жарандарды бир гана өлкө ичине эмес, коңшу мамлекеттерге саякатка чыгаруу ошону менен бирге чет өлкөлүк жарандарды дагы кыргызстандын кооз жерлерине алып баруу.
Кыргызстанда тур уюштурган компаниялардын саны өстү. Алар өлкөнүн кооз жерлерине түрдүү саякаттарды уюшутуруп келишет. Алардын ишмердүүлүгү менен таанышып, ковид-19 бул тармакка кандай таасирин тийгизгенине кызыгып көрдүк. “Ulush Travel” туристтик агенттигинин негиздөөчүсү Улугбек Исраилов мындай дейт:
“Ulush Travel” туристтик агенттигинин негиздөөчүсү Улугбек Исраилов
“Биздин негизи максаттарыбыз Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүү, жаңы деңгээлге чыгаруу. Биз мурда чет өлкөдөн келген туристтерге өзүбүздүн өлкөнү көрсөтүп келген болсок, пандемиядан соң ички туризмге көңүл буруп баштадык.”
Ал эми “Кеттик” тур фирмасы 5 жылдан бери өлкө ичинде саякаттарды уюштуруп келет. Ички туризмде кыргыздар өз өлкөсүн көрүү максатында саякатка чыгат. Аталган тур фирманын негиздөөчүлөрүнүн бири Чынгызхан Токтобаев коронавирус пандемиясы бул тармакка импульс бергенин айтат. Себеби так ушул убакта тур уюштурган компаниялар дагы көбөйүп кеткен. Мурда алардын саны 50 болсо, пандемия убагында алардын саны 180ге жеткен:
Чынгызхан Токтобаев
“Пандемия убагында алыскы Сары-Челек, Жети-Өгүз сыяктуу турлар анча кеткен жок бирок, бир күндүк турларга абдан көп адам барды. Мындай жерлерден бизде 15тей бар. Кыргызстанда кооз жерлер абдан көп биз учурда жаңы жерлерди ачуу аракетин көрүп жатабыз. 2019-жылы бул тармак жаңы башталып жатканда туристтердин тандоосу деле жок эле алар кандай болушу керек экенин дагы жакшы билишчү эмес. Кандай унаа менен болсо дагы бара беришчү. 2020-жылдан тарта биздин туристтерде тажрыйба пайда боло баштады башкача айтканда суроо талап, тандоо, туристтер деле өнүгүп баштады десек болот. Уламдан улам жаңы жерлерди ачуу, башкача форматта ыңгайлуулуктар менен камсыздоо керек болуп жатат.”
“2021-жылы жакшы тенденцияга күбө болуп баштадык. Акчасы бар адамдар мурда чет өлкөлөргө эс алганы, саякттаганы барышса, пандемияда ички туризмге өтүп үй-бүлөсү менен бирге биздин турлар менен саякаттап жатышты.”
Аймактардагы адамдарды саякатка тартуу жай кадамга-кадам менен келе турчу иш экенин айткан Чынгызхан Токтобаев кээ бир аймактарга филиалдарды ачып көрүшкөнүн жана ал ийгиликтүү болбой калганын билдирет. Учурда бир гана Ош шаарында жакшы иштеп жатат. Айыл туругундарында кичине стеротиптүү көз караштар бар.
Мисалы: акча төлөп тоого бармак белек деген сыяктуу. Ошондуктан ой жүгүртүүлөрүн өзгөртүш керек. Биз Ташкент, Самаркандга барганда улуу жаштагы ата, апалардын саякаттап жүргөнүнө күбө болобуз. Эмне үчүн биздин чоң ата, чоң энелербиз саякатка чыкпайт деп ойлосок алардын өздөрүнүн саякаты бар экен да. Ал тойлор. Негизинен акча деле маселе эмес. Убактысынын көбүн тойлорго арнап, саякаттоого муктаждык деле жаралбагандай.
Айдана Кубатбекова 22 жашта. Ал пандемия мезгилинде социалдык медиа аркылуу тоого саякаттарды көрүп калып барып көрүүнү чечкен. Ага бул эс алуу абдан жакканын айтат. Саякаттонун мындай түрү жана тур компания түзгөн шарттар канаттандырганын белгилейт:
Айдана Кубатбекова
«Мен Токмоктогу Көл-Төргө саякатка барып келгем. Бул абдан жагымдуу болду. Кыргызстанда биз барып көрбөгөн укмуштуудай кооз жерлер көп экенин билем. Алардын бирине барганда эле дагы да болсо муга ишендим. Жаратылыш өтө кооз жана сонун энергия берет экен. Эми аларга четинен барып баштоону чечтим. Кыялдарды орундатууга тур фирмалар менен барган ыңгайлуу деп айтат элем.»
Айгерим Кубатбекова