Кыргызстанда коронавирустун жаңы штаммы-омикрон үстүбүздөгү жылдын январь айында катталган. Илдетти алдын алуу үчүн өлкө аймагында жарандар ревакцинациядан (үчүнчү эмдөөдөн) өтүп жатышканы маалым.
Чынтемир Сыдыков-Баетов айылынын тургуну Атайын пунктка эмдөөгө келген
Тахмина Исхакова-дарыгер-иммунолог эмдөө учурунда
Ак-Талаа районунда жалпы дарыгерлер практикалык борборундагы атайын пункта дарыгерлер жарандарды, белгиленген график боюнча мекемелердеги кызматкерлерди эмдөөдөн өткөрүп жатышат. Аталган борбордун врач иммунологу Тахмина Исхакованын айтымында өзүнүн ден-соолугуна кам көрүп, эмдөөгө ишенип, келген жарандар көп.
Тахмина Исхакова-дарыгер-иммунолог
«Алардын бардыгы эле эмдөөдөн үчүнчү жолу өтүп жаткандар эмес, биринчи эмдөөнү алып жаткандар дагы бар. Бул эмдөө-илдетти алдын алуу. Мурда алынган вакциндер азыр алсырап калды. Ошону калыбына келтирүү десек болот. Эмдөө алгандар оорубайт деген туура эмес. Кепилдик жок. Болгону оору жеңил өтөт. Азыр эми бир күндө 70ке чейин адам эмдөөгө келип жатат. «Pfizer» вакцинасын сайып жатабыз. Ар кимде ар кандай өтөт. Кимдир бирөөнү мажбурлаганга укугубуз жок. Ар бир адам өз ден-соолугу үчүн эмдөөдөн өтүшү зарыл. Учурда вакцинанын 4 түрү бар»,- дейт.
Ал эми Баетов айылынын тургуну Чынтемир Сыдыков эмдөөгө биринчи жолу келген.
Чынтемир Сыдыков Баетов айылынын тургуну
«Улам эле сасык тумоо боло бергендиктен эмдөөдөн өтөйүн деп атайын келдим. Мурда дайыма тоодо болчумун. Ал жактын абасы таза. Оору жок. Негизи зыяны деле жок болсо керек»,- деди.
Дарыгер-иммунолог Тахмина Исхакова эмдөөнүн биринчи дозасын алып жаткандарга «Синофарм» вакцинасын колдонуп жатканын кошумчалады.
Барчын Мамытбекова