Ош облусунун Өзгөн районунда түзүлгөн “Бал” айыл чарба кооперативи фермерлер 2022-жылы киреше алып келүүчү иш-аракеттерди чогуу жүргүзүү үчүн түзүлгөн. Буга чейин кооперативдин мүчөлөрү аарыларды багып, бал өндүрүү жана сатуу менен өз алдынча алектенип келишкен.
«Бал» айыл чарба кооперативинин мүчөсү Мирбек Эшимбаев 20 жылдан бери бул иш менен алектенип келет. Балчылыкты атасынан үйрөнүп, андан ары улантып келе жаткан ишкер алгач 5 челек менен баштаган, учурда 200дөй бал челектери бар.
«Жыл бою бал челек менен алек болуп келебиз. Жазында көбүрөөк иштейбиз, аарылар талаага чыгып бал чогултуп баштагандан тарта күзгө чейин, андан ары кышында челектерди даярдап тынбайбыз. Биз Германиядан алынып келинген аарылар менен иштейбиз. Булардын көп артыкчылыктары бар. Биздин аарыларга салыштырмалуу чакпайт. Балды дагы көп өлчөмдө жыйнайт. Биздин аарылар 20 кг алып келсе булар 35-40 кг алып келет», — деди Мирбек Эшимбаев.
Кооперативдин жетекчиси Эмилбек Базаркулов учурда кооперативде16 мүчө бар экенин айтат. Алар «Рынокторго чыгууну камсыздоо» долбоорунун конкурстук программасы боюнча 55 200 АКШ доллары өлчөмүндө грант алышкан. Дыйкандар гранттык жардамга аарылардын үй-бүлөлөрүн, мом, кургатуу, бал чабык, кыркма стол, бал челек, алкактарды сатып алышты. Мындан улам, кооперативдин балчыларынын ар бири бал челектердин санын жана инвентаризацияны көбөйтүү үстүндө иштеп жатат.
“Азыркы биздин максатыбыз универсалдуу бал бүлөсүн дагы, балды дагы алуучу челектерди жасаттык. 30 жыл мурда эле жерлерди, каражатты, мүмкүнчүлүктөрдү бириктирип ирилештирүү иштерин жолго сала албай келе жатабыз. Бул биргелешип чогуу иштерди алып бара турган болсок натыйжалуу болот”, — деген пикири менен Эмилбек Базаркулов бөлүштү.
Белгилей кетсек, бул кооператив 2022-жылы Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фонду (ИФАД) каржылаган «Рынокторго чыгууну камсыздоо» долбоору балчылардын аракеттерин бириктирүү максатында түзүлдү.
Кошумча нарк чынжырчасы (ЦДС) — экономикалык иштин өз ара байланышкан түрлөрүнүн комплекси, анда кардар сатып алууга даяр продукт түзүлөт (бал боюнча ЦДС аары багууну, инвентарь чыгарууну, чийки зат өндүрүүнү, балды кайра иштетүүнү жана сатууну, ветеринардык жана башка кызматтарды камтыйт), мында чынжырчанын бардык катышуучулары пайдалуу шарттарда өз ара мамилелерин түзүшөт.
Грант алуу үчүн милдеттүү шарт кооперативдин бизнес-планынын бюджетинин 20% дан кем эмес өлчөмүндө өзүн-өзү каржылоо болгон. Балчылар кооперативди өнүктүрүүгө 13 800 АКШ доллары өлчөмүндө салым кошушкан. Финансылык жардамдан тышкары кооперативдин мүчөлөрү балчылык, финансылык сабаттуулук, бухгалтердик эсептин негиздери, кооперативди башкаруу жана башка темалар боюнча долбоордун тренингдерине катышышты.
Айгерим Кубатбекова