Суусамырда акыркы жылдары уй саап, сүтүн сатып, кошумча каражат тапкан тургундардын саны көбөйдү. Айылдагы сүттү ишкер Калбү Иманбекова атайын унаасы менен чогултуп кетип акчасын төлөп берет. Сүт менен иштөөдөгү кыйынчылыктар тууралуу маек курдук.
-Саламатсызбы?
— Саламатчылык
-Суусамырда сүт менен ишкердүүлүктү баштоо идеясы кайдан келип чыкты?
— Негизи башында сүттөн башка көп жеке бизнестер менен иш алып барганбыз, бирок тилекке каршы ал иштерибиз ийгиликке жетишкен жок. Кийин сүт менен иштөө оюн жолдошум айтып калып, ошонун негизинде баштап калдык.
— Сүт менен иштөөдө кыйынчылыктар болобу?
— Ооба сүт менен иштөөдө ар кандай кыйынчылыктар болот. Мисалы, таң атпай туруп сүттөрдү чогултуп, аларды кайра өткөрүп келиш керек болбосо ирип жарабай калат. Сүттү алууда майлуулугун дагы текшерет, тилекке каршы Суусамырдын сүтүнүн майлуулугу аз. Себеби, кээ бирөө суу кошуп салса, кээ бирөө сүттү тартып анан өткөрүп жиберишет. Кийин биз сүттү өткөрүп жатканда ошонун баарын текшерип туруп анан сүттүн баасын төмөндөтүп алып коюшат.
— Бир күндө канча сүт чогултасыз?
— Бир күндө бир тоннадан ашык сүт чогултулат.
— Бир айдын ичинде сүттүн баасы жети сомго төмөндөп кетти, ошого эмне себеп болду?
— Негизи биз сүттүн баасын баштапкы баасында кармайбыз деп болгон аракетибизди жумшадык, бирок тилекке каршы Карабалтанын заводу бааны түшүрүп салды. Ошол себептер менен сүттүн баасы түшүп кетти. Себеби, биз билебиз да азыркы учурда жергиликтүү элдин көбү сүт менен оокат кылат.
— Чогултулган сүт кокус жарабай калган учурларда кандай кыласыздар?
— Андай учурлар болгондо айла жок болгон сүттүн баарын кайра үйгө алып келип сүзмө кылып сатабыз, эгер тартканга жараса, анда сары май куюп кереке жаратабыз.
— Суусамыр айылына сүт заводунун курулушуна кандай карайсыз?
— Негизи айылга сүт заводу курулса бизге дагы, элге дагы жакшы болмок. Себеби, Карабалтага барып өткөгөндө жол алыс, күйүүчү май кымбат. Ошол себептпр менен сүттүн баасы шаар жергесине салыштырмалуу арзан дагы. Эгер айылга завод курула турган болсо анда сүттүн дагы баасы көтөрүлмөк. Каалагандар заводдун өзүнө барып өткөрүп, бир топ жеңилдиктер болмок.
-Суусамыр айылынын канча пайызы сүт өткөрөт?
— Менин билишимче токсон пайызы сүт менен оокат кылат.
— Маегиңизге рахмат!
Айыл тургундары
Жергиликтүү элде сүт иштетүүчү ишкана ачылса деген тилектери бар. Анткени сүттү түз өткөрүшсө баасы дагы кымбатыраак болмок дешет.
«Суусамырда завод ачылса жакшы эле болмок себеби сүт алган байкелерибиз жол кирени чыгаруу максатында сүттү арзан алышат. Эгер айылга сүт заводу курулса, балким сүт кымбатыраак болмок.
Негизи жеке мен үчүн курут, сары май жасагандан пайдасы көбүрөөк, себеби, май, курутту сатып жегенден көрө балдарга өзүм жасап берген пайдалуу. Бирок убакыттын жетишпегендигине байланыштуу жана кээде акчанын керек болуп калгандыгы үчүн сүт саткандын дагы пайдасы бар. Көп элдер азыр сүт сатып, жеке бизнеске айландырып алышты десем жаңылышпайм. Бирок азыр сүттүн баасы түшкөнү менен сүт продукцияларын баасы жогорулап жатат, ошондуктан сүттүн баасын дагы көзөмөлгө алып беришсе жакшы эле болмок»,- дейт айыл тургуну Гулбайра Туркебекова.
Айтурган Кушкарбекова