Сокулук районуна караштуу Жал айылындагы Рүстөмбек Мамыралиев гимназия мектебинде китеп жумалыгына карата окуучулардын китепке кызыгуусун өстүрүү үчүн иш-чаралар өтүлдү. Иш-чараны мектеп китепканасынын жетекчиси Назгүл Жолдошбекова уюштурду.
Иш-чаранын негизги максаты — окуучуларды адабий-көркөм окуу китептерине кызыктырып окутуу, китепти сүйүүгө чакыруу. Акыл казынасы китеп болгондуктан, китеп жумалыгына 1-класстан 6-класска чейинки окуучулар катышып, өздөрүнүн программасы боюнча даярдап келген тапшырмаларын көрсөтө алышты. Окуучулар өз күчтөрү менен даярдап келген китеп жөнүндө сахналаштырган жомоктору көрүүчүлөрдүн купулуна толду.
Андан тышкары китеп күнүнө карата, балдар чыгарма каармандарын атайын өз колдору менен пластилинден жасап, сүрөттөрдү тартып келип көргөзмө уюштурулду. Иш-чарага окуучулар гана эмес, окуучулардын ата-энелери катышып, сценкалардын ролдорун ойноп беришти. Иш-чарада “Алтын куш”, “Красная шапочка”, “Буратино”, “ Мёртвая царевна и семь богатыря” жана башка жомоктор коюлду.
Назгүл Джолдошбекова:
— 2-апрель балдар китеп күнүнө жана 23-апрель автордук укук күнүнө карата китеп жумалыгы уюшулду. Биздин мектепте план боюнча балдар китеп жумалыгы 3-апрелден 8-апрелге чейин узарат. Учурда илимдин алдыңкы жаңы технологиясын өздөштүрүүдө жаш өспүрүмдөрдүн китеп окууга болгон кызыгуулары төмөндөөдө. Билим менен гана бийктикке жете алабыз. Китеп билим булагы демекчи, балдарды китеп окууга кызыктырууга арналган уюшулган иш-чара. Бул иш-чарага башталгыч класстын жана 5-6-класстын окуучулары камтылган. Башталгыч класстын окуучулары жоопкерчиликтүү даярданып, өздөрүнүн колунан жасаган иштерин көргөзө алышты. Бул иш-чарага класс жетекчилердин кошкон салымы да чоң. Уюштуруучу катары иш-чара өз максатына жетти деп ойлойм. Катышуучуларга жана класс жетекчилерге өз ыраазычылыгымды билдирем.
Елена Виктрова, мугалим:
— Атайын китеп күнүнө карата кичинекей класстардын иш-чарасы болуп өттү. Бул иш-чарада 1-класстан баштап 4-класстын окуучулары жана ата-энелер дагы жомоктун кишилерин аткарып беришишти. Окуучулар өзүнүн китептерин, тарткан сүрөтөрүн, пластилин менен ар түрдүү нерселерди жасап, аларды айтып, көрсөтүп беришти.
Чынара Абейлдиева, мугалим:
— Жыл сайын өтүлүп келген иш-чара быйылкы жылы, жылдагыга караганда, быйыл абдан жакшы өтүлдү. Мектептин китепканачысы Назгүл Жолдошбековна уюштурду. Өткөн иш чарага жомоктор аткарылды, өзгөчө 5-класстардын жана 6-класстардын ролдору өзүнө жарашыктуу болду. Менин даярчылыктар абдан кыйын болду, анткени сөздөрдү жатап жана кийимдерди табышка 4-5 күн убакыт кетти. Бул иш-чарада жомоктордун ролдорун ойношуп, өздөрүнүн татыктуу бааларын алышты.
Даярдаган: Асел Эркинбек кызы