Окуу жылы башталарына саналуу күндөр калды. Ал жакындаган сайын балдарды мектепке даярдап баштайбыз. Даярдоо дегенде биз кийим кече, калем, дептер сумка алып берүү жөнүндө гана ойлойбуз. Бирок, балдарды мектепке даярдоодо материалдык жагына гана басым жасабастан психологиялык- эмоционалдык абалына дагы көңүл буруу маанилүү.
Анткени үч айлык жайкы каникул балдар үчүн абдан көп убакыт. Алар мектептин талаптарын, ритмин, күнүмкү жашоосун унутуп калгандай болушат. Жайда эс алууда үй тапшырма аткаруу, эрте туруу, мугалимден коркуу же жаман баа алдым деп капа болуу жок башкалар менен атаандашуу деген маселелер жок. Айтор дээрлик стресс жок.
Ошондой жайкы эс алуудагы тынч абалдан чыгып мектеп жашоосуна кайра кайтуу балдар, өспүрүмдөр үчүн стресс, тынчсыздануу абалын жаратуусу мүмкүн.
Биринчи класстын балдары гана эмес жогорку класстын окуучуларынын айрымдары дагы мектепке баргысы келбеши мүмкүн.
Ата-эне катары баланын мектепке болгон мамилесинде сиздин ролуңуз чоң. Көңүл буруп, балаңыз кандай ойлор менен, кандай сезимдер менен мектепке бара жатканын билсеңиз болот.
Алдыда психолог Зейне Кудайбергенова жаңы окуу жылына баланы кантип даярдоо керектигин айтып берет.
Буларды дагы окуңуз:
Абу Дабиде мектеп жамааты окуучудан мурда ата-энени жаңы окуу жылына даярдайт
Ата-энелерге кеңеш: Баланы мектепке даярдоо
Айгерим Кубатбекова