Дени сак энеден дени сак улут пайда болот. Бүгүн биз кыздардын саламаттыгы темасында сөз кылабыз. Айыз цикли бул кыздарды келечектеги эне болууга даярдап жаткан жаратылыштык процесс. Ал өтө маанилүү, адистер балдарга кичинекей кезинен өздүк тазалыкты сактоого үйрөтүү зарылдыгын айтышат.
Биздин өлкөдө жеке гигиеналык тарбия берүү аксап келе жатканын айткан «Балдарды Коргоо борбору» коомдук бирикмесинин долбоорлор жетекчиси Айнура Эмирканова жамааттык медианын Элсобол программасында маек куруп жатып коом канчалык өнүксө деле эски стереотиптик көз караш менен жашап келе жаткан үй-бүлөлөр бар экенин билдирди:

“Биз эл аралык балдар уюму менен иш алып барып жатып, өлкөдө кандай көйгөйлөр бар экендигин изилдеп көргөнбүз. 28-май бүткүл дүйнөлүк айыз күнү деп аталат. Бул биздин гана өлкөдө эмес дүйнө жүзүндө көйгөйлүү болууда. Биздин долбоордун алкагында кыздар өзү жашап жаткан аймакта аларга тиешелүү көйгөйлөрдү аныктап көргөнүбүздө. Биз дагы таң калдык алардын жеке тазалыгы биринчи орунга чыкты. Аймактардагы мектептерде кыздарга шарт түзүлгөн эмес өзгөчө кыш мезгилинде кыйналышат экен. Эшик терезелери жок ажатканаларга барышат. Айыз келген учурда эч кандай шарт каралган эмес. Ошондой эле бул тууралуу кыздарга энелери тарабынан болобу мектептенби жетиштүү маалымат берилбегенин айтышты.”
Айнура Эмирканова учурдагы ар кандай зордуктоо, эрте боюна болуп калуу, кыздардын саламаттыгынан улам келип жаткан көйгөйлөрдүн көпчүлүгүндө ата-эненин жоопкерчилиги, орду чоң. Алгач алар бул багытта баштапкы түшүнүктөрдү берип, баласына түшүндүрүп, кам көрүүсү керек:
“Негизи эле бала тарбиясы 3 багытта жүргүзүлөт. Билим, тазалык жана кошумча жөндөмдөрдү берүү боюнча. Ал алгач үй-бүлөнү пландоодон башталат. Ата-эне менен баланын ортосуна эч кандай айтылбай калган ой, түшүнбөстүктөр болбош керек. Бизде тилекке каршы гигиена темасында балага түшүндүрүү зарылдыгын сезбеген ата-энелер дагы бар. Ал эми баласы аны ата-энесине айткандан коркуп жашырып айтышпайт”.
Улуттук Эне Жана Баланы коргоо борборунун алдындагы төрөт үйүнүн акушер-гинекологу Айзат Алышерова кыздар өздүк гигиеанын туура сактаганы маанилүү экенин белгилеп, мындай болбогон учурда жаман кесепеттерге алып келүүсү мүмкүн экенин айтат:

“Жаш кезде өздүк гигиенаны туура сактоо маанилүү. Ал сакталбаган учуруда эң алгач кыздардын тукумсуздугуна алып келиши мүмкүн. Андан башка дагы бир топ илдеттердин пайда болуусун шарттайт. Ал үчүн ар бир ата-эне баласы кичинекей кезинен тарта төмөндөгүлөрдү эске алуусу керек:
• Ата эне балдарын гинекологго көрсөтүп туруш керек
• Ар бир баланын жеке тазалык буюмдары болуш керек
• Ар бир баланын өзүнүн жаткан жууркан, шейшеби болууга тийиш
• Өзүнүн бет аарчысы болуусу керек
• Баланы кичинекей кезинен баштап жеке гигиенасын сактоону үйрөтүү маанилүү
Жыныстык билим, өздүк гигиенаны үйрөтүү менен алардын эмне кызмат аткарарын, кантип коргоо керектигин үйрөтүү зарылдыгын айтышат адистер. Бул билимдерди үйрөтүү эч качан туура эмес кадамдарга барууга түртпөйт. Тескерисинче анын маанилүүлүгүн сезип, коргоого үйрөтөт.
Тигүүчү: “Балдардын кийими эң алгач ыңгайлуу болуш керек”
Тесттен өтүп балдарыңыз үчүн кандай ата-эне экениңизди билиңиз!
Айгерим Кубатбекова