Сумбула айыл Өкмөтүнүн Искра айылындагы «Байчечекей» балдар бакчасы пандемия убагында мамлекеттик кызматкерлердин балдарын кабыл алып, өзгөчө тартипте иштөөдө.
Бул тууралуу аталган бакчанын башчысы Уулман Каразакова төмөнкүлөрдү билдирди:
«Коронавирус ылаңына байланыштуу карантиндик тартипте биздин бакча дагы жабылган болчу, бирок ата-энелерибиздин кайрылуулары менен Лейлек райондук билим берүү бөлүмү жана райондук санэпидем станциянын текшерүүлөрүнөн кийин биздин бала бакчага эки тайпага уруксат берилди. Ар бир тайпада азыркы күндө 10 баладан ашык бала кабыл алынбайт. Учурда бардык санитардык эрежелерди сактоо менен иш жүргүзүлүүдө».
Бардык нерсенин кадырын билдирген жыл
Абдураим Жураев