Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы эки тур менен шайланды. Негизинен айыл ѳкмѳт башчысына тѳрт талапкер ат салышты. Алардын үчѳсү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын арасынан чыккан талапкерлер болду.
Үстүбүздѳгү жылдын 12-июнунда Барскоон айыл аймагында айыл ѳкмѳт башчысына талапкерлерди шайлоо болуп ѳттү.
28- чакырылышындагы Жергииктүү кеңеш депутаттарынын 16 кезексиз сессиясы Кыргыз Республикасынын Гимни менен коштолуп, ачык эшик аркылуу ѳткѳрүлдү.

28- чакырылышындагы Жергиликтүү кеңеш депутаттарынын 16 кезексиз сессиясы

Айыл ѳкмѳттү шайлоо алдында алгач Кыргыз Республикасынын гимни жанырды

Айыл ѳкмѳттү шайлоодогу кезексиз сессия ачык эшик артында ѳткѳрүлүп, каалоочулар келип катышышты.
Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысына айыл тургундарынын тѳрт талапкер ат салышты.

Барскоон айылынын тургуну, жеке ишкер, айыл ѳкмѳт башчысына талапкер Руслан Эшманбетов

Барскоон айылынын тургуну,муниципалдык ишкананын жетекчиси, айыл ѳкмѳт башчысына талапкер Жолболду Иманкулов

Барскоон айылынын тургуну, жеке ишкер, жергиликтүү кеңештин депутаты, айыл ѳкмѳт башчысына талапкер Бакыт Асанов

Барскоон айылынын тургуну, жергиликтүү кеңештин депутаты, айыл ѳкмѳт башчысына талапкер Мирлан Ибаков
Талапкерлердин ар бири талапка ылайык баардык документтерин тапшырып, мамлекеттик кыргыз тилди билүү деңгээлин баалоо боюнча тест тапшырып канааттандырарлык деген баа алышкан.


Талапкерлердин кыргыз тили боюнча тест тапшырган сертификаттары
Айыл ѳкмѳттү шайлоо мыйзамга ылайык шайлоонун бардык тартиптерин сактоо менен ѳткѳрүлдү.

Айыл ѳкмѳт башчысын шайлоо учуру

Добуштарды саноо учуру
Кезексиз сесиядагы айыл ѳкмѳт башчысын шайлоо эки тур менен ѳткѳрүлүп кѳпчүлүк добушка ээ болуп Бакыт Асанов айыл ѳкмѳт башчысы болуп шайланды. Ал шайлоого катышып ишеним кѳрсѳткѳн жергиликтүү кеңештин депутаттарына ыраазычылык билдирип, татыктуу айыл ѳкмѳт башчысы болуп кызмат ѳтѳп берерин билдирди.

Жаңы шайланган айыл ѳкмѳт башчысы колдоо кѳрсѳткѳн депутаттарга жана комиссия мүчѳлѳрүнѳ ыраазычылык билдирүүдѳ
Гүлкайыр Осмоналиева