
Айылыбызда күндөн күнгө жаӊы ишканалар көбөйүп келет. Алардын эсебинен айылда иш орундары түзүлүүдө. Мындай жарандар чанда кана кезигет. Ошолордун катарын толуктаган Барскоон айылындагы «Асан ата» тойканасы өз ишин мыкты деӊгээлде алып барууда. Тойкана ачылгандан бери көптөгөн тойлор болуп өттү. 9 жыл мурун кридит алуу менен тойкананын курулуш иштери башталып, акыркы 2 жылдан бери элге кызмат кылууда. Тойкананын ичи жана тышы мыкты деӊгээлде жасалгаланып, ичи 200 конокко ылайыкташтырылган. Бул тойкана жергиликтүү элдерге кана кызмат кылбастан башка айылдардан да буйуртма келип жаткандыгы туралуу тойкананын ээси Бакыт Бакиев төмөнкүлөргө токтоло кетти:


«Ресторанный бизнес деп коёт экен. Бул өтө оор нерсе экен. Эчтекени билбей баштап алып тамак –аш негизи кыйын жумуш экен. Элдер ойлойт аябай оӊой нерсе деп. Барскоондун бул негизи эӊ жакшы жери өзүбүздүн кардарлар келип Барскоондон той өткөрүп убара болбостон ошол эле Караколго болобу ошол эле Кызыл-Суу айылына болобу ошонун негизинен биз Барскоонго ачтык. Кудайым буюрса баарынан эле бата алып келатабыз. Баарынан ыраазычылык ыраазычылык билдирип атат. Негизинен бул тойкана 200 кишилик ооруду ээлеп турат азыр. Алибетте бул жерде Барскоондуктардан тышкары жакынкы айылдардан Тамга, Тосор бул жактан Жаргылчак, Ак-Терекке чейин кишилер заказ берип жакшы тойлорун өткөзүп келе жатышат. Эӊ негизгиси бул биздин тойканада биз менен баш болуп 22 адам жумуш менен камсыз болуп жатат. Россияга барып иштегиче Барскоондун өзүнүн немесин көтөрүп Кыргызстандын кичине бюджети болсо дагы бир аз тыйын кошуп турабыз».
![Фото0047[1]](http://barskoon.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/18/2016/07/Foto00471-300x225.jpg)
Айылда тойкананын кызматын колдонгон той ээлери аз эмесм. Той берген адамдар тойкананын ачылышына абдан ыраазы экенин жана андагы кызматкерлердин иштери мактоого татыктуу экендиги тууралуу Жазгүл Кубанычбек кызы өз маегинде буларды айтып өттү:

« Мага тойкананын тейлөө сапаты мыкты деӊгээлде эле жакты. Биринчи тойкананын ичи аябай жакшы деӊгээлде кооздолуптур. Тейлөөчү кыздар алар да жакшы иштешет экен. Бир чети биз үчүн жакшы бул, себеби болгон тамак-ашыбызды жасаган салаттарыбызды ары-бери ташыбай жакын эле болду. Башка кошуна айылдардан бери келип бул жакка той өткөрүп жаткандарын угуп биз аябай эле сүйүнүп жатабыз. Барскоон айылынын атагы алыска чыгып атат. Жаш ишкерлер негизинен патриот кишилер болуш керек. Мындай кишилердин көбөйүшү Барскоон айылы үчүн негизи жакшы эле. Негизи эле Барскоон айылы өсүп өнө берсин».
![Фото0046[1]](http://barskoon.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/18/2016/07/Foto00461-300x225.jpg)
Алибетте жергиликтүү ишкерлердин жасаган иштери айыл тургундарын нааразы кылган жери жок. Башкача айтканда ишкерлердин айыл тургундары үчүн кылган эмгектери мактоого татыктуу экендиги тууралуу айыл тургуну Кубат Жолдошбаев оюн мындайча билдирди:

![Фото0048[1]](http://barskoon.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/18/2016/07/Foto00481-300x225.jpg)
« Айылда жаштар иштегендери мен кубанам, менин оюмча керек. Өнүп өсүп айылыбыз өнүксө өзүбүзгө эле жакшы. Өзгөчө ар би радам өз күчү менен бизнес ачса ад жакшы кадам шилтеп эле өзүнүн айылынын онүгүүсүнө жакшы нерсе кылат деп ойлойм. Кыйынчылыктар менин оюмча финансы жагынан кыйынчылыктар болушу мүмкүн жумушун баштап кетиш үчүн. Андан кийин уже жакшы иштеп, кишилерди тартып ийгиликтерге жетишет. Жаштарга каалоом ийгилик, өздөрүнүн максаттарына жетишсин»
Сиздер айылдын керегине жарап, эл кызматын өткөргөн «Асан-Ата» тойканасы тууралуу уктуӊуздар. Сюжетти даярдаган жана алып барган Гүлкайыр Осмоналиева. Саламатта туруӊуздар.