Быйыл аба ырайы кескин өзгөрүп, жаандын жаашы басылбай, айыл тургундары чөп чаба албай жатышат. Алар чөп кургабай, чабылган чөптөр четинен чирип жаткандыгын айтышууда.
Айыл тургуну Айнагүл Жайсаңбаева жылда мынчалык жаан жабаганын айтат. Эми биз жаандын басылышын күтүүдөн башка аргабыз жок дейт ал.
“Негизинен жаан жылда эле жаайт албетте. Бирок, быйыл эмнегедир күнүгө жаандын жаашы басылбай, көптөгөн жер-жерлерде ар кандай табийгат кырсыктары да болуп жатат. Бул да болсо кудайымдын бергени болсо керек. Айылда чөп да чабылбай калды. Эми биз жаандын басылышын гана күтүүдөн башка аргабыз жок”, — деди Жайсаңбаева.
Эки күн мурун чөбүн чапкан айыл тургуну Азамат чөбү чирип жатканын айтты.
“Мен чөптү эки мурун чаптыргам. Бирок, жаандын жаашы дагы да болсо басылбай жатат. Чабылган чөптөр четинен чирип, кургабай жатат”, — дейт ал.
Даярдаган: Дүйшөнова Альбина
Редактор: Адилия Мундукова
Сынак үчүн