Быйылкы жылы Барскоон айылында алма-алмурут жыйноо мезгили башталды. Айыл тургундары жана мектеп окуучулары жемиш терип иштешүүдө.
Айыл тургундарынын айтуусу боюнча былтыркыга салыштырмалуу алмуруттун түшүмү аз.
«Быйылкы жылга караганда былтыр көбүрөөк алмурут өткөргөм. Быйыл эмнегедир түшүм аз болду»— деп билдирди Дастан Турсунбаев.
Сентябрь айынын орто ченинде айыл жашоочулары тыным албай эмгектенип келишет.
Бакчасында алма-алмурут бышып сатууга даяр болуп калган Бермет Алыбаева төмөндөгүлөрдү билдирди.
«Быйылкы түшүм былтыркыга караганда баасы аз болгондуктан түшүм азыраак. Тапкан каражаттарды өз керегиме жаратып алам. Сапаты эң жакшы канаттандыраарлык деп ойлойм».
Күз айында алма-алмурут элибизге пайдасы тийип, түшүмү мол болот деген ойдобуз.
Даярдаган: Эрлан Абласов