Токтогул районунунун Кызыл-туу айылындагы борбордук көчөдө бетон устундарына жарык чырактары койулду. Мурда Мүлкүбат көчөсүндө жарык чырактары жок болгондуктан көчө караңгы болуп, айыл тургундарына көйгөй жаратып келген.
Кызыл-Туу айылынын башчысы Өмүраалы Кубатбековдун демилгеси менен бул иш колго алынып Рысбаев Мүлкүбаттын балдары тарабынан каржыланды.
“Айылдыктардын бул маселесин чечүү үчүн 3 жылдан бери каражат издеп келдик, эми маселе оңунан чыгып, көчөбүзгө отуз алты жарык чырагы коюлду”, деди Өмүраалы Кубатбеков.
“Кечинде чыкканда жол караңгы болуп коркунуч жаратаар эле, азыр жарык болуп калды”, дейт кубанычы койнуна батпаган Мүлкүбат көчөсүнүн тургуну Жанай Асакеев.
Даярдаган: Жакыпов Нурмуханбет.