Шайлоо жакындаган сайын депутаттыка талапкерлер түшүндүрүү иштери менен алек.Мындай түшүндүрүү иштери менен 15-сентябрда Барскоон айылына Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Талант Узакбаев, Темирбек Курманбеков да келип кетишти.
Алар шайлоо, анын мааниси жөнүндө сөз сүйлөштү.Элдердин айылда болуп жаткан суу, тазалык, ири жана кичи бизнестерин өнүктүрүү сыяктуу көйгөйлөрү менен таанышышты. Бул жыйын тууралуу айыл тургуну Эрлан Абласов төмөндөгүлөрдү айтып берди:
«Бүгүн атайы биздин айылдын эли менен сүйлөшүү, бираз болсо да шайлоо тууралуу айтып берүү үчүн келишиптир. Айыл тургундары ийгилик каалап кетишти.»
Ал эми Э.Кендирбаев атындагы орто мектебинин тарбия завучу Жыргал Алыбаева да өз оюн мындайча билдирди:
"Талапкерлердин эл менен жолугушуусу, баарлашуусу туура деп ойлойм.Анкени эл көйгөйлөрүн билсе, аларды чечип берүүгө аракет кылат. Анан да жердештерибиз болгондуктан, эл ар дайым жылуу кабыл алганга даяр"-деп өз сөзүн жыйынтыктады.
Мындай жолугушуулар көп болуп турса, эл ишеничи артаары шексиз.
Даярдаган:Бермет Алыбаева