2015-жылдын 17-сентябрь күнү Токтогул шаарына караштуу Кызыл-Туу айылынында Рысбаев Мүлкүбат орто мектебинде волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдеш саат 14:00 до башталып 6-7-8-9-10-класстардын окуучулары катышты.
Оюндун уюштуруучусу Осмонов Жаныбек: «бул оюндун негизги максаты жаштарды спортко кызыктыруу болду, андан сырткары спорт бул биздин ден-соолугубуздун булагы ошондуктан бул мелдешти уюштурдук»,-деп билдирди.
Оюундун аягында командаларга акчалай сыйлыктар берилип жеңүүчүлөр аныкталды.
1-орунду 6-классынын окуучулар ээлешсе, 2-орунду 8-класстын окуучулары камсыз кылышты, ал эми 3-орунду 10-классынын окуучулары багындырышты.
Даярдаган: Батырбекова Айдана.