Барскоон айылында тургундарга кечки саат жетиден эртең мененки саат сегизге чейин дүкөндөргө спирт ичимдиктери жана тамеки сатууга тыюу салынды.
Бул демилгени айылдык «Жаштар» уюуму көтөрүп чыгып, айыл өкмөтү тарабынан колдоого алынды. Бул туралуу Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Төлөнович мындай деди:

— Барскоон айылында саат 19:00 дон эртен мененки 8:00 го чейин арак сатуу тыйылган. Мунун демилгесин «Бапа жаштар» коомго көтөрдү. Сесиядан бул сунуш каралып туруп, депутаттар бекитип берди. Бизде дагы арактын кесепетинен көп туура эмес иштер болуп аткан. Уруучулук, тоночулук, мушташ ошонун кесепетинен көп бизде терс иштер болду. Ошого жараша мен дагы өз жараан катары, айыл өкмөт катары мен бул нерсени туура көрдум. Бул жерде жаамат молдокелер катышты, спикер катышкан, мен өзүм катышкам дүкөнчүлөр менен сүйлөшүп макулдугун беришти. Азыркы убакытта Барскоондо саат жетиден кийин арак сатуу тыйылган . Эң биринчи эле коомчулуктан таасир этет. Келечекте бара-бара дүкөндөрдө арак сатылбай калат го деген ойдомун. Мен ойлоп жатам арак тыйылса элибиз руханий жагынан байлыкты алат го деген ойдомун.
Бул далил ишке ашканына каршы эмес,бирок соодасы начарлап калгандыгын «Барсхан» дүкөнүнүн ээси Адияна Шаменова билдирди:

— Соода кичине начарлады. Саат 9 дан кийин сатпайбыз. Тогузга чейин алчулар алып алат, тогуздан кийин сатылбайт. Бир аз разница болот, например былтыркыга караганда. Алчулар алып эле атат, көнгөн адамдар ичүүлөр ичип эле атат. Эл эгер полный айыл токтотсо анда токтойт. Биздин эле айыл эмес коңшу айылдар да токтотуш керек. Ал үчүн баардык магазиндер сатпай калыш керек. Например 9га чейин сатып, 9дан кийин сатпай калуу бул болбойт. Сатпаганга жараша анда баардыгы сатпаш керек, же болбосо как обычно адамдар өзүнүн соодасын кыла бериш керек.
Спирт ичимдиктерин жана тамеки сатууга тыюу салынганын айыл тургундары колдошту алардын бири Гүлипа Карачеева мындай дейт:

«Тыйуу салууга каршы эмесмин да. Ошого макул болуп, анткени арак ичкендер азайат эле. Элдер оокат кылып жатканда өзүннүн турмушуна жакшы жардам берет эле. Ичкиликтер азайат болчу. Ошондой ойдомун да».

Бул демилгени ишке ашыруу оңой ишке турган жок дейт «Жаштар» уюмунун жетекчиси Максат Осмоналиев:

«Бул эми биздин айылдагы эле тартип. Арактын айынан эмне гана болбой эле. Арактын айынан уруш-талаш, мушташ, үй-бүличинде, айыл ичинде, жаштар арасында. Негизи эле буга себепкер арак болгондуктан, арака басымдуулук карадык. Бирок акырындак менен эл жапа тырмак баарыбыз бири-бирибизди колдшуп ушул даражага келдик. Эми арак адал эмес арам иш. Арак жагы менен жакшылыка барган эч кимди уга элекпиз. Жакшылык менен ийгиликке жетим дегенди укпайбыз. Только эле минус жагын угабыз. Тогуз баладан комиссия түзүлгөн, алар кечинде чыгып текшеришет. Ар бир жаш милдеттүү буга. Коомчулукка ортого салып карылар сотуна өткөзүүнүн негизинде жүргүзүлөт кармалса эгер».
Негизи спирт ичимдиктерин сатууга көпчүлүк айылдарда тыюу салынууда. Бул демилгенин келечегин убакыт гана көрсөтөт.
Даярдагандар: Адил Жыргалбеков, Санжар Арзыбеков.