Барскоон айылы ар тараптан өнугуп жаткан кези.Аны менен катар,”Барс”студиясы да өз ишин баштады.Тагыраак айтканда,былтыртан бери иштеп жаткан фото студия учурда да элдин кызматында.
“Барс”студиясын айыл тургуну Расул Чылабаев тарабынан 2014-жылы ачылган. Өзүнүн кичи мекемеси тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берген:
Бул “Барс”студиясы былтыр февраль айында ачылган. Ошондон бери ийгиликтүү иштеп келе жатабыз.Студияда профессионалдуу видео,фото монтаждоо тартып чыгарып берилет.Айыл өкмөтү менен кызматташып иштейбиз.Айылдын социалдык объектилерин тартып берип турабыз.Айылда чон-чон жылыштарды,курулган нерселерди архивге сактайм.Бул өзүмдүн жеке ишканам десем болот.”
Бул ишкана ачылгандан бери айыл тургундары той,мааракелерин дал ушул студияга тапшырышат.Студияда сүрөт монтаждоо,видео жана слайддарды жасашат. Биздин барганыбызда да студия катуу иштөө үстүндө экен.Кардарлардын бири студияга болгон ой-пикири менен бөлүшө кетти.
“Биринчиден бул айылыбыздын өнүгүп жаткандыгынын бирден бир белгиси.Видео монтаж ,фото үчүн шаарга чуркабай ,”Барс”студиясына эле келебиз.Бардыгын өз убагында бүтүрүп беришет.
“Барс”студиясындай мекемелер ачылып турса,элдин жашоосу кайсы бир денгээлде жакшырат деп ишенебиз.
Даярдаган: Адил Асангазиев, Бермет Алыбаева