Барскоон айылында футбол оюну кыш мезгилинде популярдуу болууда. Башка айылдардан оюнчуларо келип футбол таймашы өткөрүлүүдө. Бул үчун заманбап жабдылган футбол аянчасы да бар. Оюнду уюуштурган Нурлан Кубакаев кабарчыбыз Асель Асановага оюн туралуу төмөндөгүлөргө токтолду:
« Бул футбол ар дайым уюуштурулуп турат. Бул Барскоон айылынын ынтымагына деп атайын уюуштурабыз. Жеке эле Барскоон эмес Жети-Өгүз районунан Тамга, Тосор, Жаргылчак айылдардан командалар келишет. Ар бир жуманын Шейшенби күндөрү оюун болуп турат. Ойноп жаткан командаларга жумасына бир жарым миӊ сомдон чыгарышат. Мисалы: булл жумада Тамга айылы акча чыгарса, эмки жумада Барскоон чыгарат. Барскоондо жалпысынан алты команда ойнойт. Командалар «Лигага» катышышат. Райондун баардык айылдарына барып ойношот. Биз өзүбүз бул жерге чакыра элекпиз. Буюрса март айында ойношот».
Демөөрү Эльзар Шакиров балдар футбол ойноп жаман жолдон оолак болоорун жанан убактысын текке кетирбесин билдирип, жаштарды спортко чакырды:
« Бул спорт ойундарына колдон келген жардамдарыбызды берип турабыз. Бангизат , арак ичүүдөн алыс болушат. Жеке эле футбол эмес волейбол, ордо, улак тартыш жана күрөш оюундарын ойнотобуз. Биз Кумтөрдө иштеген жараан катары өзүбүз да команда алып келебиз. Көп болгон команда болгон сайын өсүү жакшы болот».
Урмат Абдыкадыров спорт сүйүүчүлөрдүн бири. Ал футболду өзү да жан дили менен ойноорун өз маегинде билдирди:
«Мен Кичи-Жаргылчак айылында 1998 жылы туулгам. Азыркы убакта 11 класстын окуучусумун. Футболду жетинчи классыман бери ойнойм. Баардык айылдарда ойноп келдик. Эки жолу Чолпон-Атага чыгып жакшы ийгиликтерди алып келдик».
Уюуштуруучунун айтымында футбол оюуну мындан ары жума сайын уланып ойнолоорун билдирди.
Даярдаган: Асель Асанова, Дильназа Бейшакунова