Айзада Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде орус тили жана адабияты сабагы боюнча мугалим болуп эмгектенет. Ар бир сабагын окуучу үчүн кызыктуу болушу үчүн ар дайым изденүүнүн үстүндө. ЖМКна же интернет басылмаларынан адистигине байланыштуу маалыматтар менен таанышып, сынактарга катышып турат.
Жакында Россия кызматташтыгынын “ Чет жердеги орус тили жана адабиятынын мыкты мугалими” үчүнчү эл аралык сынагына интернет аркылуу катышып, атайын сертификатты жеңип алган.
Өзүнүн айтымында Педагогика жана адистик боюнча тесттик суроолорго жооп берген. Бул сынакка Кыргызстан, Озбекстан, Тажикстан ж.б коңшу өлкөлөрдүн ондогон мугалимдери катышкан. Жеңүүчүлөр болсо Россиянын борбору Москвада бир жумалык саякатта болушту. Ал эми жигердүү катышкандарга сертификат, грамоталар электрондук даректер аркылуу жөнөтүлгөн. Үйдө отуруп деле изденип ийгиликке жетишсе болот деген А.Бектурганова мындай сынактарга дагы көп катышып, билимин көтөрүү максаты бар экенин айтты.
Даярдаган: Г.Мамытбекова