Барскоон айылында “Тоо булбулу” мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күндүзгү реабилитациялык борборунун ачылганына үч жылдын жүзү болду.
Бул жерде 32 бала бош убактысын өткөрөт. Алар көптөгөн макеттерди жасап, кол өнөрчулүк менен алектенишет. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ал жерде бардык шарттар түзүлгөн. “Тоо булбулу” мүмкүнчүлугү чектелген жарандардын күндүзгү реабилитациялык борбордун жетекчиси Аманкан Мамбетова өзү 2-группадагы майып өзүнүн мүмкүнчүлүгү чектелгенине байланыштуу реабилитациялык борборду ачууга демилге көтөрүп, төрт адам биригип, бул борборду ачкандыгын өз сөзүндө билдирди:
“Башында төртөөбүз изилдедик, айылда кандай көйгөйлөр бар экенин ошолордун ичинен колубуздан келе турган ишти баштайлы дедик. Майыптардын ичинде кандай ой-толгоолор болоорун жакшы түшүнөм. Мени коллективим колдошту. Ошентип борборду ачып калдык. Эң биринчи демөөрчү айыл өкмөтү болду жана бизге бөлмө берди. Экинчи демөөрчү бул- мектеп”.
Мээрим Акылбекова бул борбордун мүчөсүнүн бири. Бул жерге бош убактысында келип, кол өнөрчүлүк менен алектенээрин өз маегинде билдирди:
“ Келгениме үч жыл болду. Жаңы ачылганда эле келгем. Бул борбор аркылуу кол өнөрчүлүктү үйрөнүп. Англис курсуна да катышып жатам жана кийим тигүүчү машинаны жаңы үйрөнүп жаткан учурум. Молдавияга окууга кетишим мүмкүн. Бул борбор аркылуу көптөгөн сынактарга катышып ийгиликтерге жетиштим деп айтсам да болот.”
Мындан тышкары бул борбордо тигүү цехи да иштейт.
Даярдаган: Асель Асанова,
Бектемир Асангазы уулу