Мамалекет тарабынан 18 жашка чейинки өспүрүмдөргө спирт ичимдиктерин пайдаланууга тыюу салынып жаткан учуру.
Шаар жергесинде эле эмес,айыл-кыштактарында да өспүрүмдөрдүн мындай жолго түшүшү зээнди кейитет.Көбүнчө дүкөндөрдө тыюу салынганы менен,кээ биринде сатыкка коюлуп эле жатат.Айылдагы дүкөндөрдүн биринин сатуучусу Нурмат Мамбетов бул маселе боюнча төмөнкүлөрдү айтып берди:
”18жашка жете элек балдарга спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынат.Окуучулардын эң негизги максаты бул-окуу.Ал эми окууга бул нерсенин таасири жаман”.
Спирт ичимдиктеринен сырткары тамеки да байма- бай колдонуулуда.Тамекинин сыртындагы сүрөттөргө карабай,колдонулганы кейиштүү. Мектеп окуучусу Бектемир Асангазы уулу да четте калбай өз оюн билдирди:
“Себеби мектеп рекетчилигинде.Мектеп рекетчилиги болбосо спирт ичимдиги деле колдонулбайт.Менин оюмча буга ата-энелер да, окуучу өзү да күнөөлүү.Кайсы эле ата-эне баласына жамандык кааласын.Окуучулар өзүлөрү да ата-энесин укпай басып кетиши мүмкүн.Бала да ата-эне да күнөөлүү деп ойлойм”
Бул көйгөйлүү маселе боюнча айыл тургуну Карыбек Адыканов өз оюу менен бөлүшө кетти:
“Терс көз караштамын. Окуучу деген окуш керек.Китеп,програмаларды көрсөтүп,түшүндүрсө баш тартат.Эң негизгиси жакшы кеңеш бериш керек.
Спирт ичимдиктерине толук тыюу салынса,бардыгы жакшы үңүткө өзгөрөт деген ойдобуз.Ошондуктан өспүрүмдөрдү жаман жолдон алыс болууга чакырабыз!
Даярдаган: Бермет Алыбаева, Адил Асангазиев.