Барскоон айылында кыш чыгаруу кичи цех ишке киргени турат. Буга чейин Барскоондуктар кирпичти алыскы айылдардан жана шаарлардан ташып келишкен. Айыл тургундары көптөгөн чыгымдарга дуушар болушчу.Кирпич цехи тууралуу Барскоон айылындагы муниципалдык ишкананын жетекчиси Мекен Осмоналиев мындай деди:
-Барскоон айылында үй салууга ылайыктуу топурак бар, бирок ушул иштеткен өндүрүш жок да. Ошону үчүн мен ушул кирпичти айылга киргизейин, айылдын үйлөрү жаңы технологиядагы кирпичтер менен салынсын деп ошол максатта ачып жатабыз. Бул муниципиалдык ишкана болуп эсептелет. Айыл өкмөтүнөн каржылоо болот анан өзүбүз өндүрүп чыгаргандан кийин өзүбүз каржылай баштайбыз. Марттын он бешинен баштап иштейт. Кирпич цехинин жумушчусу Адилет Осмоналиев кирпичтин сапаты жана курамы жөнүндө айтып берди:
Барскоон айылынын тургуну Абдыкалый Чолпонкулов ачылган кирпич цех жөнүндө өз пикирин билдирди:
Кирпич цехтин ачылышы март айына пландалууда.
Даярдаган: Эрлан Темирбеков, Дильназа Бейшакунова, Эрлан Абласов