Барскоон айылында кыз ала качуу боюнча түз эфирде талкуу өткөрүлдү. Талкууга Барскоон айыл өкмөтүнүн социалдык тармагынын башкы адиси Эркин Жапарова, айыл активиси Венера Өмүрбекова жана жеке ишкер Азимкүл Жаныгуловалар катышты.
Түз эфирдин жүрүшүндө кыз ала качуу кыргыздын тарыхында салт катары каралабы, эмне себептен ала качуу күч алууда, Кыргызстанда ала качуу боюнча мыйзам канчалык денгээлде иштейт- деген суроолорго жооп алынды. Мындан тышкары, студияга келген коноктор өздөрүнүн ой- пикирлерин, сунуштарын да калтырышты.
Эркин Жапарова ала качуу боюнча Барскоон айылынын эки мектебинде жана кесиптик лицейде семинарлар өткөрүлүп тургандыгын баса белгилеп өттү.
Ал эми Венера Өмүрбекова бул кылмыш экенин айтып, ага аралашкан баланын теӊтуштарын, эжелерин жана жеӊелерин дагы жоопко тартыш керек экендигин айтты.
Азимкүл Жаныгулова болсо Кыргызстанда мыйзам жакшы иштебей жаткандыгын жана ал күчүнө кирсе карапайым элдин балдары эле жоопко тартылаары айтып кетти. Ушул себептерге байланыштуу мыйзам баардыгы үчүн бирдей иштеш керектиги жана ата энелер ич ара сүйлөшүп алышпай мыйзам чегинде чечилсе ала качуу азайат эле деген оюу менен бөлүштү.
Эскерте кетсек, бул уктуруу «Демократия сааты» долбоорунун алкагында даярдалган жана Кыргызстандагы Фридрих Эберт Фондунун тарабынан каржыланууда.
Даярдаган: Эрлан Абласов