Мурда Барскоон айылынын балдары башка айылдарга барып ойноого мажбур болушчу. Бул көйгөй айыл тургундарынын кыш мезгилиндеги эс алуусун чектеп келген.
Быйылкы жылы бул маселе чечилүү алдында турат. Себеби Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтү бул демилгесин көтөрүп чыккан. Кабарчыбыз Дилбара Сыдыкбекова муз аянтчанын курулуш иштери боюнча Барскоон айыл аймагынын башчысы Эшманбетов Руслан Төлөнович менен маек куруп келген:
«Эс алабыз деген жаштар, айыл тургундары үчүн, Барскоондун кооздугун көрсөтүү ниетинде муз аянтчасын 4-көпүрөгө койдук. Алыс койгонубуздун себеби, Барскоон айылында кыштын үрөйү азыраак болот, муз эрип кетиши мүмкүн. Жалпысынан айылдык бюджеттен 314 миӊ сом каралган, анын ичинде жарык коюлат, коньки алабыз. Кудай буюрса, 20- декабрга бүтөт деген тилектебиз».
Айыл тургуну Майрамбек Усупов муз аянтчасынын курулуп жаткандыгына өзүнүн кубанычын жашырган жок.
«Муз аянтча биз үчүн жакшы эле нерсе. Жакшы ийгиликтин бири десек болот. Караколго, Покровкага барып ойночубуз. Ошол жакка барып расход болгуча айылыбызга пайда келтирет. Жакшы нерсе, колдойбуз»
Курулуп жаткан муз аянтчасы Барскоон айылынын дагы бир чон жетишкендиги деп билебиз.
Даярдагандар: Альбина Таалайбекова, Дилбара Сыдыкбекова