Барскоон айылында тоок фермасы бир жыл мурда ачылган. Ошол күндөн бери, бул ферма Жети-Өгүз районун тооктун жумурткасы менен камсыз кылып келет. Ошондой эле өз продукциясын айыл тургундарына арзан баада сунуштайт.
Фермада эмгектенген Адилет Жапаров ферманын иши тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берген.
-Тоок ферма ким тарабынан ачылган?
«Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан 2000000 сом которулган жана 2000 тоок келген. Өндүрүлгөн продукцияны Жети-Өгүз районуна өткөрөбүз. Келечектеги планыбыз өзүбүз аркы эшигине дагы кудайым буюрса 2000 дей тоок алып келип төрт миң кылалы деген ой бар»
— Жумуркаларды канча сомдон өткөрөсүңөр?
» Жумуртканы башында үч сомдон баштаганбыз азыр болсо 6 сом 50 тыйындан өткөрөбүз».
— Жакшы эле аласыңарбы күнүнө жумуртка?
«1200-1500гө чейин».
Тоок фермадагы жумурткалардын сапаты тууралуу айыл тургуну Садича Конокбаева өз оюн билдирди:
«Мен мисалы, тоок фермасындагы жумурткаларды жеп көргөн эмесмин, жей албайм. Мен өзүмдүн үйүмдөгү эле колдо баккан тооктун жумурткасын жейм. Себеби үйдө кадимкидей эле таза жем менен багабыз.»
Айыл тургуну Бакыт Калыкбердиева ферманын жумурткасын ар дайым колдонот. Ал ферманын иштеп жаткандыгы айыл тургундары учун женилдиктерди алып келип жаткандыгын билдирет.
-«Тоок фермасы ачылганы бизге жакшы эле болду, себеби мурда тоок фермасы ачыла элек кезде жумуртканы башка жактан алып келчү. Балыкчыдан, Бишкектен. Аларды колдонгонго кооптуураак болчу. Менин оюмча өтө деле ишенимдүү эмес болчу. Анын үстүнө баасы да кымбатыраак болчу. Азыр болсо өзүбүздө тоок фермасы болгондуктан жумуртканын баасы да арзандап калды. Жегенге да ишенимдүүрөк болуп калды. Менин буга көз карашым жакшы. Ырас эле ачылды деп кубаттайм. Ушул тоок фермасы иштеп атканына кубанычтамын».
Аракет кылсан- берекет», дегендей тоок фермасы айылдын экономикалык жактан өсүп-өнүгүшүнө салым кошот деген ишеничтебиз.
Даярдагандар: Перизат Бекмурзаева, Жанек Тимуров.
academic essay writing essay write essay about writing