Барскоон айылында дамба курулуп жатат. Себеби Ак күздөн бери жаан-чачын көп жаайт. Жаан менен бирге сел да жүрөт. Айыл тургундары ушул убакка чейин селден жабыр тартып келишкен. Дамбаны куруу иштери жөнүндө Барскоон айыл аймагынын башчысы Руслан Эшманбетов кабарчыбыз Дилбара Сыдыкбековага маалымат берди.
Барскоон айылы мурунтан эле кооптуу участок болуп эсептелет. Барскоондогу 500 адам кооптуу жерде жашап турган, анткени сел алып кетиши мүмкүн. Сел каптап кеткен учурлар болгон ошого карата курулуучу дамба селден келип чыккан сууну Кашат суусуна ыргыта алат, сел айылды каптабай агымы андан ары ошол жака кетет.
Бул дамба ким тарабынан каржыланууда?
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан каржыланууда. Биздин айылды 5-6 жолу сел каптаганда ӨКМнын министри Боронов келип өзү күбө болуп кеткен. Анан Барскоон элине дамба курулушу керек деген чечимин чыгарган. Чечим чыккандан кийин тендер уюштурулуп, курулуп дамба ишке берилген. Апрель айында тендер болгон, май айында курулушу башталып, декабрь айынын 5-де пайдаланууга берилди. Жалпы чыгым 1млн 800 сомго чыкты
Айыл тургуну Эмил Садырбеков дамба курулса айыл элинин коопсуздугу үчүн жакшы болоорун билдирди.
Айыл эли үчүн керектүү нерсе болду. Анткени сел учурунда көптөгөн үй-бүлөлөр чыгымга учурап жатышкан, деди Эмил
Сактансан сактайм дегендей эле жаратылыш кырсыктарын алдын алуу үчүн мамлекет тарабынан кам көрүлүп жаткандыгы Барскоондун эли үчүн жакшы жетишкендик.
Даярдагандар: Асел Асанова, Дилбара Сыдыкбекова.