Ысык-Көл облусундагы Барскоон айылынын калкынын саны көп болгондуктан, айыл эли бала бакчага муктаж. Ошол себептен бала бакчанын жетекчиси Гүлмира Кенешовна жана Барскоон айыл аймагынын айыл башчысы Руслан Төлөновичтин жаӊы бала бакча ачуу демилгесин Айыл Кеӊешинин депутаттары четке какпай, колдоо көрсөтүп, 2014 жылдын 30-декабрында Барскоон айылында жаӊы бала бакча ишке киргизилди.
Барскоон айыл аймагынын айыл башчысы Руслан Эшманбетов Төлөнович жеткинчек балдарды жаӊы бала бакчанын ачылышы жана келе жаткан жаӊы жылы менен куттуктап,
өз салымын дагы да болсо кошоорун билдирип, кабарчыбыз Асель Асановага төмөндөгүлөрдү баяндап берди:
Бала бакча куруу идеясы кайдан келип чыкты?
— «Бала бакча идеясы бул биздин жашоо шартыбыздын жана Барскоон элине бала бакчанын тардыгына байланыштуу бакчаларды кеӊейтсекпи деген ойдон келип чыккан. Жаӊы бала бакчаны курууга 2010000 сом каражат кетти. Бул өзүбүздүн айылдык бюджеттен бөлүнгөн, мунун натыйжасында бакчага дагы жана административдик имаратка да ушул сумма бөлүнгөн.
Бала бакчанын жетекчиси Гүлмира Кеӊешовна бала бакчанын ачылышына көмөк көрсөткөн адамдарга ыраазычылыгын билдирип, баардыгын келе жаткан жаӊы жылы менен куттуктап кабарчыбызга төмөндөгүлөрдү билдирди.
Жаӊы бала бакча канча орундуу?
«Жаӊы бала бакча жетимиш балага ылайыкталган, өзүӊүздөргө белгилүү болгондой 2008-жылы айылыбызга «АРИС» программасы келгенде биз жаӊы долбоор жазып жетимиш орундуу бала бакча ачканбыз. Биздин айылда сегиз миӊ киши жашагандыктан бала бакча абдан аз. Анткени бизде 2000 ден ашык түтүн бар. Анын ичинен 640-670 тей мектеп жашына чейинки балдар бар. Жетимиш бала ошончо баланын 10%ын камтып турат. Азыр дагы жетимиш орунга көбөйтүк, ошондо бардыгы 140 орундуу болуп эсептелинет.
Күнүнө бир баланын тамагына канча акча сарпталат?
«Биздин бала бакча, азыр тарбияланып жаткан балдардын күнүмдүк тамак ашына 18 сом айылдык бюджеттен жана ата -энелерден айылдык кенештин чечими менен айына 500 сом чечим чыгартканбыз. Ата-энелер берген акчанын 450 сому тамак ашка, ал эми 50 сому бала бакчанын майда баратына керектөөлөрүнө жумшалат. 450 сомду бир айга чачканда күнүнө 20-21 сомдон айланат. Ошондо күнүнө бир балага 39-40 сомдун тамагы берилет.
Бала бакчадагы балдардын ден соолугуна кандай кам көрүлөт?
«Балдардын ден соолугу биринчиден тазалык, экинчиден балдардын рационалдуу тамак ашы, мындан тышкары өздүк гигиенасына көнүл бөлөбүз. Ден соолук гигиенадан башталат деп бардыгыбыз билебиз. Балдардын ден соолугуна абдан көӊүл бөлөбүз.
Даярдагандар: Асель Асанова, Бермет Алыбаева, Эрлан Абласов.