Барскоон айылында бала бакча бар. Барскоон айылынын калкынын саны көп болгондуктан, айыл дагы бир бала бакчага муктаж экендиги баарыбызга белгилүү. Ошол себептен бала бакчанын жетекчиси Гүлмира Кенешовна жана Барскоон айыл аймагынын айыл башчысы Руслан Төлөновичтин жаӊы бала бакча ачуу демилгесин Айыл Кеӊешинин депутаттары четке какпай колдоо көрсөтүп, 2014 жылдын 30-декабрында Барскоон айылында жаӊы бала бакча ишке киргизилди.
Барскоон айыл аймагынын айыл башчысы Руслан Эшманбетов Төлөнович жеткинчек балдарды жаӊы бала бакчанын ачылышы жана келе жаткан жаӊы жылы менен куттуктап,
өз салымын дагы да болсо кошоорун билдирип, кабарчыбыз Асель Асановага төмөндөгүлөрдү баяндап берди:
Бала бакча куруу идеясы кайдан келип чыкты?
«Бала бакча идеясы бул биздин жашоо шартыбыздын анан Барскоон элине бала бакча тардыгына байланыштуу бакчаларды кеӊейтсекпи деген ойдон келип чыккан.
Жаӊы бала бакча курууга канча каражат кетти?
«Жаӊы бала бакчаны курууга 2010000сом каражат кеткен. Бул өзүбүздүн айылдык бюджеттен бөлүнгөн, мунун натыйжасында бакчага дагы жана административдик имаратка да ушул сумма бөлүнгөн.
Ушул жылдын ичиндеги сиздин ийгиликтериӊиз жана Барскоон айылынын жетишкендиктери?
« Мындайча айтсак жетишкендиктер көп эле болду. Эгерде айта кетсек 66000000 сомдук инвестиция кириптир биздин айылга. Өзүӊөр көргөндөй мына бала бакча дагы ачылып жатат. Дагы мектеп ачылды. Жакында мини футбол талаасы ачылганы турат. Ошондой эле төртүнчү көпүрөдөгү муз аянтчасы 31-декабрда ачылганы турат».
Бала бакчанын жетекчиси Гүлмира Кеӊешовна бала бакчанын ачылышына көмөк көрсөткөн адамдарга ыраазычылыгын билидрип, баардыгын келе жаткан жаӊы жылы менен куттуктап кабарчыбызга төмөндөгүлөрдү билдирди.
Жаӊы бала бакча канча орундуу?
« Жаӊы бала бакча жетимиш балага ылайыкталган, өзүӊүздөргө белгилүү болгондой 2008-жылы айылыбызга «АРИС» программасы келегнде биз жаӊы проектти жазып жетимиш орундуу бала бакча ачканбыз. Биздин айыл сегиз миӊ киши жашагандыктан бала бакча абдан аз. Анткени бизде 2000ден ашык түтүн бар. Анын ичинен 640-670тей мектеп жашына чейинки балдар бар. Жетимиш бала ошончо баланын 10%тин камтып турат. Азыр дагы жетимиш орунга көбөйтүк, ошондо бардыгы 140 орундуу болуп эсептелинет.
Күнүнө бир баланын тамагына канча акча сарпталат?
« Биздин бала бакча, азыр тарбияланып жаткан балдардын күнүмдүк тамак ашына 18 сом айылдык бюджеттен жана ата -энелерден айылдык кенештин чечими менен айына 500сом чечим чыгартканбыз.Ата-энелер берген акчанын 450 сому тамак ашка, ал эми 50 сому бала бакчанын майда баратына керектөөлөрүнө жумшалат. 450 сомду бир айга чачканда күнүнө 20-21 сомдон айланат. Ошондо күнүнө бир балага 39-40 сомдун тамагы берилет.
Бала бакчадагы балдардын ден соолугуна кандай кам көрүлөт?
«Балдардын ден соолугу биринчиден тазалык, экинчиден балдардын рационалдуу тамак ашы, мындан тышкары өздүк гигиенасына көнүл бөлөбүз. Ден соолук гигиенадан башталат деп бардыгыбыз билебиз. Балдардын ден соолугуна абдан көӊүл бөлөбүз.
«Көп түкүрсө көл болот» дегендей мындай бала бакчаларыбыз көп болуп турса айыл тургундары эле эмес Кыргызстан өнүгүү жолуна түшөрү шексиз.
Даярдаган: Асель Асанова, Бермет Алыбаева, Эрлан Абласов.