3-январь 2015-жылы Сүлүктүдө Кыргыз Республикасынын Социалдык Өнүктүрүү Министри К. Базарбаев иш сапары менен болду. Иш сапары учурунда Кудайберген Базарбаевич социалдык жактан колдоого муктаж жарандар менен жолугушуп, көйгөйлөрдү чечүү боюнча пикирин укту. Андан сырткары Сүлүктүдөгү карыялар үй-интернатындагы улгайган адамдардын абалынан кабар алып, аларды Жаңы Жылы менен куттуктады.
Шаар жетекчилери менен расмий жолугушуу учурунда бир топ маселелер жеринде чечилди. Айта кетүүчү нерсе Шаардагы акыл-эси жактан жетишсиз балдардын көмөкчү мектеп интернатына ден-соолукту коррекциялоочу борбор түзүү боюнча Кошбулак аймактык башкармалыгынын башчысы Б.Сапаркулов сунушун министр мырза толук колдоорун билдирип, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен тыгыз иш жүргүзүп, маселени чечип берүү убадасын берди. К. Базарбаев коррекциялоо борборлору Орусияда жакшы натыйжаларын берип жатканын, бул практиканы Кыргызстанга да жайылтуу максаты бар экенин маалымдады.
Даярдаган: Анварбек Тухтаров