Бул макалада жамааттык мульти медиа борборлорунда орун алган үн күчөткүчтөрдүн сапатын жакшыртууга арналган сүрөттүү колдонмо менен тааныша аласыздар.
Жамааттык мультимедиа борборлорундагы үндөрдүн жакшы тунук, таза жана угуучуларга түшүнүктүү угулушу үчүн атайын даяр түрүндөгү узундугу 30-40 см. болгон шнур керектелет. Шнур электр каражаттарын сатуучу бардык соода түйүндөрүндө сатылат. Анын бир учу кара жана ак тустөгү, саюуга ылайыкталган эки вилкадан турат, ал эми экинчи учу уюлдук телефонго, колонкага сайыла тургандай бир гана учу бар.
Анын кара жана ак учу бар эки ача жагын үн күчөткүчкө туташтырабыз. Ак учун ак, карасы кызыл көзөнөккө сайылат.
Ал эми экинчи жагы компьютердин процессорунда сайылат.
Процессордун артында кызгылт, көгүш жана ачык жашыл өңдөгү көзөнөктөр бар. Ошонун ортоңку көзүнө сайылат.
Даярдаган: Б.Мамытбекова