Сүлүктү шаарынын тырыхын кайрадан китеп кылып жазуу иштери башталды. Бул иш чарага элин, жерин сүйгөн ар бир атуул катышып салым кошо алат, дейт белгилүү тарыхчы, чыгаан педагог Гапыр Мадеминов. Автордун айтымында мурда басмадан чыккан «Сүлүктү шаарынын кыскача тарыхы» китеби көптөгөн окурмандардын суранычы менен кайрадан толукталып, басылып чыкмакчы.
Солдон оңго карай: Гапыр Мадеминов, Бакыт Сапаркулов.
Автордун айтымында аталган китеп мурда жарыяланбаган тарыхый фактылар, архивдик материалдар жана эл оозунан жазылып алынган уламыштар менен толукталат. Ошондой эле тарыхчы окумуштуулардын илимий эмгектеринен шилтемелер, далилдер келтирилет. Китептин автору Гапыр Маматкулович жалпы тургундарды уламыштарды, фото материалдарды жана тарыхый маалыматтарды чогултууга катышууга чакырат. Белгилей кетүүчү нерсе Г. М. Мадеминовдун буга чейин 15 китеби чыккан болсо анын көпчүлүгү окурмандардын суроосу менен эки жолудан, «Акыл эмгегинин маданияты » китеби үч жолу кайра басылып чыккан.
Даярдаган: БакытСапаркулов