Бюджет 2017-жылдын 2-мартында айылдык маданият үйүндѳ, айылдык депутаттар жана жергиликтүү тургундардын катышуусу менен кабыл алынды.
Барскоон айыл аймагынын быйылкы бюджети 14587400 (он тѳрт миллион беш жүз сексен жети миӊ тѳрт жүз) сомду түздү. Айыл ѳкмѳтү тарабынан бюджеттин долбоору киреше жана чыгашалары менен сунушталып, айылдык кеӊеш тарабынан кызуу талкууга алынды. Эӊ алгач айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Руслан Тѳлѳнович 2016-жылдагы бюджеттин аткарылышы туралуу отчетун берди.
Анын айтуусу боюнча ѳткѳн жылга 13,647,800 ( он үч миллион алты жүз кырк жети миӊ сегиз жүз) сом деп бекитилген. Баардык социалдык маданий иш чараларга акча каражаттары бѳлүнүп бюджеттин аткарылышы 100% түзгѳн. Айылдык кеӊештин депутаттары отчетко ар кандай сын пикирлерди айтышып, коомдук кѳйгѳйлѳргѳ кѳӊүл бурушту.
Андан соӊ 2017-жылдын бюджети үч жылдык ѳнүгүү планына жана жылда ѳткѳрүлүүчү маданий массалык иш чараларга деп каралды. Быйылкы бюджеттин кѳлѳмү былтыркы жылга салыштырмалуу жергиликтүү салыктын салыктын тѳлѳнүшүнѳ жана жаӊы ишканалардын түзүлүшүнѳ жараша 1 миллион сомго жогору болот деп божомолдоду.
Бюджеттин чыгаша бѳлүмүндѳ эӊ чоӊ иш чара деп саналган «Ѳрүк фестивалы же Сары кыздын тоюун» ѳткѳрүүгѳ 500 миӊ сом акча каражаты каралган. Жыл сайын каралып туруучу аз камсыз үй-бүлѳлѳрдү, жардамга муктаж адамдарды кароого жана жалпы айылдык инфраструктурасын жогорулатууга ж.б.у.с. социалдык тармактарга акча каражаттары бѳлүштүрүлдү. Акча каражатын бѳлүштүрүүдѳ «Барскоон FM» жамааттык мультимедиа борбору да кѳӊүл чордонунда болуп 40 миӊ сом акча каражаты жамааттын материалдык, техникалык басасын чыӊдоо максатында түстүү принтер жана заманбап фотоаппарат алууга каралды. Депутаттар бул сунушту бир добуштан колдоого алышты.
Анткени биздин жамаат айыл аймагында аткарылып жаткан иштердин ачык айкындуулугун түздѳн түз чагылдырып келет.
Аягында эмне демекчибиз Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн ишине ийгиликтерди каалап ар дайым эли үчүн кызмат кыла берүүсүнѳ тилектешпиз.
Даярдагандар: Айдай Кудайбергенова, Эрлан Абласов.