«Балдар биздин келечегибиз” –деген сөздүн артында кандай катылуу сыр турат? Эмне себептен балдарга карата зордук-зомбулук күч алууда? Акыркы убактарда балдар эмне үчүн өз жакындарынан зомбулукка кабылууда?
Кыргызстанда акыркы үч жыл ичинде балдарга карата болгон зордук-зомбулук күч алууда. Мунун башкы себеби катары жумушсуздук, анын айынан келип чыккан ички-сырткы миграция агымы айытылып келет. Тилекке каршы көрүнгөндүн колунда кароосуз калган балдар, бала эмес чоң адам жол таппай карайлаган коомубузда ар кандай зордук-зомбулуктарга кабылышууда. Мунун баары мамлекетти жана ар кимибизди ойлонто турган олуттуу маселеге айланды. Зордук-зомбулукка кабылган балдардын да ден-соолугу бир топ жабыркай тургандыгын Республикалык психикалык ден соолук борборун психологу Бакыткүл Рустамова билдирди.
“Зордук-зомбулукту башынан өткөргөн балдар инструктивдүү мүнөзгө ээ болуп, көбүнчө бул көрүнүш өзүнө жана дүйнөгө болгон ишениминин жоголушуна, тынчсызданууга, бушаймандыкка, уйкунун жана табиттин бузулушуна, депрессияга же агрессияга, өзүн-өзү төмөн баалоого, соматикалык жана психосоматикалык ооруларга алып келет.”
Зордук-зомбулук кандай учурда пайда болот? Бул, адам баласы бул жашоого келген жолун билбегендиктен жана бул жашоодо өзүн сыйлабаган же болбосо бул дүйнөдө баардыгы мага көз каранды болуш керек деген ойду жараткан инсандардан чыгат, -деген пикирде Барскоон айылындагы Эшмамбет Кендирбаев орто мектебинин тарбия-билим боюнча директордун орун басары Жаныбек Орозалиев. Мындан тышкары, баласы менен сүйлөшүп көрбөгөн жана тарбиялоодо да ката кетирген ата-энелер бар экендигин билдирип өттү.
“Ушуга чейин баласы менен сүйлөшүп көрбөгөн ата-эне да болгон. Баласы сабакка кетет,
кайра келгенде дагы ага көӊүл бурулбайт. Анан ушул убакка чейин бир жылуу сөз
айтпаган ата-эне да болгон. Дароо эле урушуп, кемсинтип дегендей. Ушундай сөздөрдү
көтөрө албаган балдар жок эмес, мындай көп. Ошону үчүн азыркы балдарга өтө эле аяр
мамиле, этияттап мамиле жасаш керек”.
Ал эми серепчилердин айтымында, ички иштер бөлүмүнүн маалыматына караганда карантин учурунда жылдагыга караганда балдарга жана аялдарга карата болгон зордук-зомбулук 65 пайызга жогорулады. Кыргызстанда балдардын психологиялык жана эмоциялык ден- соолугуна кам көрүү үчүн психиатрлар аз санда экенин балдардын укугун коргоочулар лигасынын мүдүрү Назгүл Турдубекова билдирди.
“Балдардын психологиялык жана эмоциялык ден-соолугун коргош үчүн аларды даярдап бериш. Алар деген ар бир поликлиникада болуш керек. Бирок тилекке каршы бизде андай эмес”.
Назгүл Турдубекова Кыргызстанда балдардын психологиялык жана эмоциялык ден- соолуктары начарлап кетсе психологко кайрылбай, ата-энелер маселени башка өңүттөн чечүүгө аракет кылып келет деген оюн ортого салды.
“Акырында балдарына кандай жардам беришерин билишпей акырында молдого алып
барышат. Жада калса балдары банги зат, алкоголдук ичимдиктерге берилип баратканын
да байкабай калышат. “ Негизи өспүрүм баласы кандай жашайт,ошол жашоосун
изилдеш керек постоянно. Кызыгыш керек, контролдук жактан эле эмес, а мындай
өспүрүм балага дос болуш керек. Ата-энелик коомчулукту абдан көп окутуудан өткөрүш
керек”.
Зомбулукту токтотуу ар бирибиздин колубузда. Коомубуздун эртеңки келечеги – бүгүн биз тарбиялаган уул-кыздардын колунда.
Гүлкайыр Осмоналиева