Карантин учурунда аялдарга болгон зордук-зомбулук күч алдыбы? Мунун себеби эмнеде? Зордук-зомбулук кылган адамга кандай чара көрүлүүсү керек?
Карантин мезгилинде үй-бүлѳлүк зомбулуктан жабыркап кеңеш сурагандар кѳбѳйдү. Мисалы, эгерде карантинге чейин жумасына 3-4 аял кайрылган болсо, ал эми азыркы учурда жумасына 12-13 аял кайрылууда дейт психолог Гүлипа Борпиева.
«Зомбулуктун кѳбѳйүшүнүн ички жана сырткы себептери бар. Сырткы себептери карантинге байланыштуу чектѳѳлѳр. Зомбулук кѳрсѳткѳн адам менен жабырлануучу бир үйдѳ, бир мейкиндикте болуп калып, жабырлануучу ѳзүн оолак кармап жашырынып алысыраак барып жардам сурап, телефон чалып алууга мүмкүнчүлүгү бар эле. Ал эми азыркы карантин мезгилинде, зомбулук кѳрсѳткѳн адамдын толук кѳзѳмѳлүндѳ болуп калып жардам суроого мүмкүнчүлүгү болбой жаткандыгын айтышууда».
Психолог, үй-бүлѳлүк зомбулуктан жабыркагандарга онлайн режиминде кеңештерди берүүдө. Ага карантин учурунда жалпысынан токсон адам кайрылган. Алардын ичинен 77 аял, 13 эркек. 1Кайрылгандардын баымдуу бөлүгүнүн жаш курагы 18- жаштан 45-жашка чейинки аялдар. Гулипа Борпиева, кайрылгандар кѳйгѳйүнѳ жараша түрдүү кеңештерди алып жаткандыгы менен алардын кийинки тагдырлары туңгуюк боюнча калып жаткандыгын баса белгиледи.
«Зордук-зомбулуктан жабыркагандардын кийинки тагдыры татаал бойдон калууда. Ал физикалык, психологиялык, социалдык жана экономикалык зыяндарга алып келүүдѳ. Коомдон алыстап калып жатышат. Ар түрдүү терс багыттагы топторго кирип кетүүдѳ. Мүлктѳн ажырап калышууда. Кредиттен айрыла албай карызга батып калышууда».
Ал эми айыл тургуну, аялдар комитетинин мүчѳсү Созул Айбашева, үй-бүлѳлүк зомбулуктун келип чыгышынын биринчи себеби — кол телефон деп эсептейт. Бул күнгө чейин деле зордук-зомбулук болуп келген. Бирок, карантин учурундагы зордук-зомбулук бул кызгануунун кесепетинен, күн кечке үйдѳн чыкпай бук болуудан келип чыгарын белгиледи. Кыздардын эрте турмушка чыгуусуна да терс кѳз карашта экенин билдирген Созул Айбашева, эрте турмушка чыккан кыз сабатсыздыктан жана турмуштук тажрыйбасынын жоктугунан да зордук-зомбулук кабылууда дейт.
«Алсыз эркектер күчүн аялдан чыгарып уруп согуп жосунсуз жоруктарга барууда. Эркек эрктүү болсо эне менен келиндин кѳйгѳйүн чечип, экѳѳнү туура жолго салмак. Энесине туура түшүндүрүп, ал келин ѳзүнүн жары, балдарынын энеси экенин, колунан келбегенин үйрѳтүүсүн сунуштап, ал эми аялына улууну сыйлоону айтып чечсе ал ѳз оордунда калмак. Ѳткѳндѳ бир келинди кепке тартсам, турмушка кетпедиң беле десем, күйѳѳм кызганчаак чыкты дейт. Кандайча десем, сотка менен сүйлѳшѳсүң же мени же сотканы танда деп уруштук. Мен кетип калдым дейт. Бул турмуштан бир үзүм».
Дүйнөнүн бир топ мамлекеттеринде киргизилген карантинге байланыштуу үй-бүлөдө аялдарга болгон зордук-зомбулук күч алды. Адистердин айтымында, адамдар көнүп калган жашоо шартынан оолак болушуп, үйүндө чыкпай отурууга аргасыз болгон шартта эмоцияларын үй-бүлѳсүнѳн чыгара баштаган. Мындан тышкары ар бир жаран зомбулуктун курмандыгы болуп калбаш үчүн ѳзүнѳ-ѳзү кам кѳрүш керек экендигин жана карантин учурунда мырзалардын сабырдуу болушуна чакырган «Эркектер зомбулукка каршы» коомдук фондунун жетекчиси Марат Алиаскаров буларга токтоло кетти:
«Бүгүнкү күндѳ жабыркаган жарандарыбыз булар түздѳн түз мобилдик телефон аркылуу ѳздѳрүнүн жардамын, муктаждыгын кѳрсѳтсѳ болот. Бул 103,102, 112,111 кызматтарына чалып жардам сураса болот. Ал жактан психологиялык да жардамды кѳрсѳтүшѳт биринчи баскычтагы. Бул кѳйгѳйдү жоготуш үчүн кандайдыр бир үй-бүлѳдѳгү бакыт таалайды сакташ керек да. Үй-бүлѳлүк баалуулуктарды алып келиш керек. Эми менин айта турган чакырыгым эркектерди күчтүу болушун, сабырдуу болушун, кайратуу болушун, чыдамдуу болушуна чакырат элем».
Гүлкайыр Осмоналиева