Коомдо уул жана кыз бала бирдей билим алуудабы? Ата-энелер тарабынан балдардын билим алуусуна кандай чектөөлөр бар?
Акжолтой Сыртбаева 11-классты бүтүп, мектеп уясынан учуп жаткан учуру. Ушул учур анын келечеги үчүн чечүүчү убакыт болуп турганын билдирген Акжолтой, өзү тандаган кесиптин ээси болууга аракеттенип жатканын айтып, билимсиз келечегин элестете албаарына токтолду.

Акжолтой Сыртбаева 11-классты бүтүрүүчүсү
“Азыркы учурда баардык нерсе заманга жараша болот эмеспи. Заман өзгөргөн сайын адамдар да өзгөрөт. Азыркы заманда жаштар билимдүү болууга ашыгышат. Мисалы мен өзүм тандаган окуу жайга тапшырып, окушума ата-энем жан дилинен жардам беришет. Азыр кыздыкы, баланыкы деп окууларды бөлүп анан сен окубай эле коюушуӊ керек дегендерди туура эмес деп эсептейм. Билимиӊ жок болсо азыркы заманда жашоо кыйын. Билим ийне менен кудук казгандай,- деп бекеринен айтылбаса керек”.
Барскоон айылынын тургуну алты баланын атасы Ысмайыл Иманалиев балдарынын бардыгы өздөрү тандаган кесиптин ээлери болуп, үзүрлүү жемишин көрүп жаткандыгын сыймыктануу менен билдирди. Бул учурда ар бир ата-эне балдарынын кесип тандоосунда кеӊеш жана багыт эле берүүсү керектигин баса белгиледи.

Ысмайыл Иманалиев айыл тургуну
“Азыркы илим жана техника өнүккөн заманда мүмкүн болушунча баланын каалоосу болсо, ата-энеси баланы окутуусу шарт деп ойлойм. Уул, кызыӊ билимдүү болсо, көп тил билсе кругозору да кеӊ болот, турмушка болгон көз карашы да кеӊ болот, чет мамлекеттерге чыгат”.
Бүгүнкү күндө кыз баланын дагы эркек баланын дагы билим алуусуна бирдей шарт, бирдей мүмкүнчүлүк түзүлүүсү керек. Себеби, кыз дагы эркек бала дагы эртеӊки күнү келечекте ордун тапкан, өзү сүйүп жакшы көргөн кесипти аркалашы керек. Сүйгөн кесибин аркалоонун артынан кандай гана айлык албасын, кандай гана чөйрөдө иштебесин ошону менен ырахаттанып эмгектенет. Буга карабастан стереотиптик көз караштар дагы эле жашообузда чоӊ орун ээлеп келе жаткандыгын Балдарды коргоо борбору коомдук бирикмесинин социалдык кызматкери Айнура Эмирканова билдирди:

Балдарды коргоо борбору коомдук бирикмесинин социалдык кызматкери Айнура Эмирканова
“Мисалы үчүн эркек бала болсо эркек бала үйдүн багуучусу болуп жаткандан кийин ага сөзсүз түрдө билим бериш керек, ошол балабыз бизди багат дегендей ойлор бар да. Же болбосо кыз бала эртеӊки күнү күйөөгө чыгып кетет ага деле кесиптин ээси болуунун кереги жок деген бул стереотипттик көз караштар да. Мен айтат элем кызга, эркекке дебестен экөөнө бирдей мүмкүнчүлүк, бирдей шарт түзүп бирдей келечегине кам көрүш керек ар бир ата-эне. Кичинесинен эле ошол балабыз менен кызыбыз кайсыга шык жөндөмү болсо, ошол багытта ага шарт түзүп бериш керек”.
Ата-энелер менен кесип тандоо боюнча сабак өтүү учурунда көпчүлүк ата-энелер өздөрүнүн окуган кесиптери менен эмгектенбей келгендиги маалым болгонун Айнура Эмирканова кошумчалады. Кесип тандоодо ата-эненин ролу чоӊ мааниге ээ экендигин жана ар бири өз башынан өткөргөн кемчиликтерин эске алуу менен бирге балдардын кесип тандоосун өз ойлоруна коюу зарылдыгы бар экенин да белгилеп өттү.
“Ким азыркы учурда убагында окуган кесип менен иштеп атат десек бир да ата-эне айткан жок да. Баардыгы теӊ эле базар экономикасына байланыштуу көпчүлүгү соода менен алектенишет экен. Эмнеге иштебейсиӊер өзүӊөрдүн кесибиӊер менен дегенде алар айтып атышат, убагында бизди ата-энелер кыйнаган. Ата-эненин айтканы менен тапшырганбыз бизге ал кесип жаккан эмес деп жатышат да. Ата-эне дагы ошол нерсени башынан өткөргөндөн кийин ар бир ата-эне дагы менин балам дагы келечекте мен жаӊылган нерседен жаӊылбасын деп туруп, ошону үчүн өзүнө тандоо коюш керек”.
“Демилгелүү ишкер аялдар” коомдук фондунун жетекчиси Авазкан Ормонова тилекке каршы коомубузда кыздар кандай кесипке ээ болуусу керек, эркек бала кандай кесипти аркалаш керек экендиги бөлүштүрүлүп калгандыгын да белгилеп өттү. Мындан тышкары кыздардын да, эркек балдардын да билимдүү болуусу коомго, үй-бүлөгө зор мааниси бар экендигине токтоло кетти.

“Демилгелүү ишкер аялдар” коомдук фондунун жетекчиси Авазкан Ормонова
“Өзүнүн жашоосунда, өзүнүн турмушунда өзүнүн жолун таап касы бир кесиптин ээси болуп, ошол жактан үйүнө туруктуу кирешеге ээ боло турган болсо бул бир эле эркек бала үчүн эмес бул кыз бала үчүн да маанилүү. Көбүнчө айтышат аял иштебей үйдө отурса да жакшы болмок. Баланы да багып тарбиялоо иштеп алып келген кирешеден да аябай бийик турат депчи. Бирок, ошол эле мезгилде аял билимсиз жан болсо ал аябай башка үй-бүлө мүчөсүнөн да көз каранды боло баштайт. Ошол кыз баланын үй-бүлөнүн татыктуу билим алуусуна таасирин тийгизет”.
Келечек жаштардын колунда. Ошону үчүн кесип тандоодо, билим алууда балдарга чектөө болбошу керектиги да айтылууда.
Билимдүү уул-кыз коомду бирдей өнүктүрөт
Гүлкайыр Осмоналиева