Жылдан-жылга айдоо жерлерге эгин сепкендердин саны азаюуда. Буга күн санап күйүчү майдын кымбатташы, жазгы эгин айдоодон баштап күзгү оруп-жыйноого чейинки кеткен каражат, алынган түшүмдүн баасын актабай калгандыгы себеп болууда.
Материалдын аудио версиясын бул жерден уга аласыз:
Барскоон айыл аймагы боюнча жалпысынан 200 гектар жерге эгин айдалат. Алардын ичинен 20га буудай эгилсе, калган жер айдоого арпа себилет. «Барс-S» муниципалдык ишканасынын комбайн айдоочусу Ишенбек Мусуралиев күзгү оруп-жыйноо маалында күйүүчү майдын кымбатташы карапайым калкка бир топ залакасын тийгизип келүүдө. Эгерде бул көйгөй жакынкы арада чечилбесе айыл тургундары эмки жылкыга арпа, буудай айдай турганы күмөн жаратууда дейт.
«Барс-S» муниципалдык ишканасынын комбайн айдоочусу Ишенбек Мусуралиев
«Бул айдын аягына чейин бир жылдык түшүмүн жерге калтырбай жыябыз деген ойдо турабыз. Быйыл кичине суунун жоктугуна байланыштуу түшүм азыраак болуп калды. Баары келип эле күйүчү майга такалып жатат. Элге кыйын болуп жатат. Күйүчү май арзаныраак болсо, элге дагы, бизге дагы жакшы болмок. Мисалы, 1 га — 1500 сомго чейин май куюп жатышат. Өзүн актабайт. Чаптырганын дагы актабай калып жатат. Эл кийинки жылы эгин айдайбы ошол жагы маселе болот».
Быйыл эгиндин түшүмдүүлүгү аз болууда
Башка жылдарга салыштырмалуу быйыл эгиндин түшүмдүүлүгү аз болууда. Жер кыртыштарынын арыкташы, аба-ырайынын тез-тезден өзгөрүүсү бирден-бир себеп. Эгерде жер кыртышы жакшы болуп, арпа, будайдын түшүмдүүлүгү жогору болсо, үй-бүлөлүк бюджетке бир топ эле тыгынчык болорун Барскоон айылынын аялдар комитетинин мүчөсү Созул Айбашова билдирди. Ал үчүн жерге ар дайым кошумча жер семирткичтерди берип туруу зарыл дейт Айбашова.
Барскоон айылынын аялдар комитетинин мүчөсү Созул Айбашова
«Суусу деле убагында сугарылды. Бирок, быйыл эгинден жылдагыга салыштырмалуу азыраак түшүм алдык. Жерге көңүл бурбай келебиз, анткени жер семирткич менен улам жердин асылдуулугун көбөйтүп турушубуз керек болчу. Жер семирткич бериш керек болчу. Кошумча азыктандыруу берилбей калгандыгына байланыштуу түшүм азыраак болду деп ойлойм».
Айдоо жерлер жылдан — жылга азайып бара жатат. Анткени замандын талабына ылайык жергиликтүү тургундар айдоо жерлерге бак өстүрүп келишүүдө. Бак өстүрүүдө чыгымдар эгин айдап, жыйноого караганда азыраак сарпталып келет. Барскоон айылынын «Барс-S» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талгат Маданбеков айдоо жерлердин азайгандыгына байланыштуу жаңы техникаларды сатып алуунун кажети жок экенин да билдирди.
«Барс-S» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талгат Маданбеков
«Эгин талаасынын азайышынын бирден-бир себеби, чыгымы көбүрөөк болот. Мисалы, 1 гектар жерди айдап кеткен каражатына андан көрө күзүндө арпа же эгин сатып алган жакшы болуп калды. Анын үстүнө бизде өрүк, алма айдаган пайдалуу. Жер шарты алма өстүрүүгө гана ылайыктуу болгондуктан эгин талаасы кыскарып бара жатат».
Гүлкайыр Осмоналиева