Жыл сайын математика, информатика, физика, химия жана биология сабактары боюнча өтүүчү дүйнөлүк олимпиада 33-ирет уюштурулду. Ага Кыргызстандын курама командасынан катышкан информатика сабагы боюнча 4 окуучу тең коло медалдардын ээси болушту. Аталган сынакка дүйнөнүн 90дой мамлекеттинен 360 окуучу катышкан.

Олимпиаданын жеңүүчүлөрү
Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин информатика сабагынын мугалими Кылычбек Урайымов 32 жашта. 11 жылдан бери мугалим болуп эмгектенет. Ал 8 жылдан тарта окуучуларды олимпидага даярдайт. Бул жылы Сингапурда өтө турчу эл аралык олимпиада пандемияга байланыштуу онлайн түрдө өттү:
“Олимпидага катышуу үчүн мурда тандоо этаптары болчу алгач мектеп, район, облустук андан кийин республикадан алдыңкы оорундарды камсыздаган 4 окуучу Кыргызстандын курама командасына кирип андай кийин дүйнөлүк олимпидага жолдомо ала алчу. 2жылдан бери альтернативдүү олимпиада аркылуу тандоо жүрүп жатат. Ал 4 этаптан турат. Каалоочулар катышып этаптардан ийгиликтүү өтө алса жолдомо алат.”

Ортодо Кылычбек Урайымов окуучулары менен
Аталган олимпидага кыргызстан 2000-жылдан тарта катышып келет. Быйылкы жылдын эсебинен Кылыч Убрайимов даярдаган 4 окуучу тең медаль менен кайтышты:
“Быйыл бизден кыргызстандын курама командасына кирген алар: Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын окуучулары Ислам Давлетом жана Артур Айдаров М. Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 10-классынын окуучусу Данияр Бейшекеев, Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин 9-классынын окуучусу Тенгиз Беккоёнов коло медалдарды жеңип алышты. 4 окуучу тең коло медаль алышты. Булар Кыргызстандын тарыхында 1-жолу 4 окуучу тең медаль менен кайтышы.”
Кылычбек Урайымов информатика сабагына окуучулардын кызыгы күч экенин айтат. Окуучулар мурдакы бүтүрүүчүлөрдүн чет өлкөлүк ири компанияларда иштеп жатканын көрүп шыктанышат.
Мыкты студенттер тууралуу материалдарды бул жерден окуңуз:
Флоридадагы кыргыз студенти окууга жеңилдикти кантип алды?
Айпери Болотжанова: Студент кезди кантип пайдалуу өткөрүү керек?
КМШнын мыкты студенти наамын алгандар
Колго чакыруу барактарын даярдаган студент кыз
Айгерим Кубатбекова