Күн санап курулуш компаниялары салган үйлөрдүн саны өсүп, сатып алуучулар дагы көбөйүүдө. Үй сатып алууда кандай катчылыктарга жол бербөө керек? Бул суроонун тегерегинде кыймылсыз мүлк боюнча эксперт Нургазы Жусубалиев Жамааттык Медиага маалымат берди.

Нургазы Жусубалиев, кыймылсыз мүлк боюнча эксперт
Нургазы Жусубалиев 10 жылдан ашык убакыт турак жай сатуу тармагында иш алып барган. 3 жылдан бери үй сатып алчу тааныштарыма акысыз кеңеш берип келем дейт. Ал эми бул жылдан тарта YouTube аркылуу элге үй сатып алуудагы кеңештери менен бөлүшүп келет.
— Ар бир курулуш компаниясынын жарнамалары жана маркетинг пландары болот эмеспи. Үй сатып алууда кардарлар жарнамаларга гана ишенип жыйынтык чыгарган учурлар кездешет. Компанияны кантип туура тандоо керек?
— Учурда чындыгында курулуш компаниялары абдан көбөйдү. Мунун себеби бул тармактын кирешелүүлүгү бизнесмендерди кызыктырууда. Ошол эле учурда бир канча компания массалык маалымат каражаттарына дагы чыгып жүрөт. Анда, ээлери камалып кеткендиги, үйдү толук бүтүрбөгөндүгү айтылат. Мындай абалга туш келбөө үчүн сөзсүз түрдө үй сатып алууда тажрыйбасы жана өздүк капиталы бар, үйдү кура билген, каражаты жетиштүү компанияларды тандоо керек. Адашпасам, 2017-2018 жылдары 500гө чукул курулуш компаниялары каттоодон өткөн. Бирок, анын ичинен Бишкекте 100гө чукулу гана толук иштейт. Компанияны тандоодо биринчи алардын жарнамасына карабай, алгач районду тандап алган дурус. Андан соң, ал жерде кайсы курулуш компаниялары бар экенин жана алар кандай үйлөрдү куруп жатканын изилдеш керек. Компанияларды изилдеген соң, түзмө-түз ал компанияларга барып, тактап маалымат алуу керек. Сүйлөшө келгенде дагы толук маалымат чыгат. Буга чейин үй курду беле? Курулган үйлөрүн кардарларга толук эксплуатация кылып бере алдыбы? Мындан тышкары, мүмкүн болушунча ошол компаниянын буга чейинки үйлөрүн изилдеп, эски кардарлары менен жоолугуп, керектүү маалыматтарды сураса болот.
— Курулуш компанияларына барганда алардын документтерин текшерүүгө кардардын укугу, мүмкүнчүлүгү канчалык реалдуу?
— Албетте текшерүүгө болот. Бизде кардардын укугун коргогон мыйзамдар бар. Үй алып жатканда биринчиден курулуш компаниясынын курууга лицензиясы бар бекенин тактоо керек. Экинчиден, негизи эле өздөрү куруп жатабы же жөн эле курулушчуларга буюртма берип, курдуруп жатабы деген суроолорго дагы жооп табуу керек. Ал эми үчүнчүдөн жер тилкеси боюнча ал мамлекеттин менчигиндеби же жеке менчикте бекенин аныктоо зарыл. Жер тилкесин тактооодо жердин идентификациялык коду болот. Ошол код аркылуу аныктоого мүмкүн. Келишим юридикалык терминдер менен жазылгандыктан кардар түшүнбөй жатканынын бардыгын сурап алышы керек. Бул учурда юрист кардар түшүнө тургандай жөнөкөй тилде түшүндүрүп бериши керек.

Бишкекте курулуп жаткан турак жайлардын бири
— Келишим түзүүдө эмнеге маани берүү керек?
— Үй алуу үчүн аз каражат сарпталбайт. Ага чогултуган каражат 10-20 жылдап, кээ бир мекендештер Оруссия ж.б өлкөлөрдө иштеп келип ошол үйдү алып жаткандыр. Үй алып жатканда биринчи кезекте өзүнүн дос-туугандарынан болобу бул тармакты түшүнө турган адам болсо, чакырып алганы жакшы. Же болбосо кошумча акча төлөп юристтин, эксперттин жардамын алганы дурус. Алар бир аз акчага документтерди жана келишимдерди тактап бере алат. Болбоду дегенде келишимди 1-2 күн үйгө алып кетип, окуп чыгышы керек. Ошондой эле келишимге өзү дагы толуктоолорду киргизсе болот. Себеби, кардар менен компания ортосундагы келишим болгондуктан, эки тарап ар түрдүү пункттарды кошуп же алып өзгөртсө болот. Айрым келишимдерде маселе бир тараптуу каралган учурлар кездешет. Тактап айтканда, курулуш компаниялары өз укугун коргоого аракет кылышат. Мисалы, компания 2020-жылы үйдү эксплуатацияга тапшырууга милдеттенме алса, ошол маалда тапшырышы керек. Эгер андан кечиктирсе, айрым фирмалар туумду кошпой коет. Бирок, ошондой эле абалда кардар акчаны төлөөдөн кечиктирип жатса, анда туум төлөөгө милдеттүүсүң деген пункттарды кошуп коет.
— Сизге кайрылган адамдардын басымдуу бөлүгү үй сатып алууда кандай катачылыктарга жол беришкен?
— 2017- жылы жакын досум үй алмакчы болду. Ал бир канча жыл Орусияда эмгектенип, топтогон акчасы бар эле. Бул жерден бир фирманын үйүн тандаган экен. Өз чечими тууралуу мага айтып калды. Менин “ал компаниядан албай эле кой, башка фирмадан карабайсыңбы” дегенимди укпай, ошол компаниянын келишимине кол коюп, акчасын тапшырды. Бирок, үй бүткөн жок. Ал курулуш компаниясынын ээси адашпасам түрмөдө отурат. Азыр үй алганда дагы 7 жолу эмес, 10 жолу өлчөп бир чечим чыгаруу керек.

Жусубалиев: Кардар үй сатып алууда келишимге өзгөртүү киргизе алат.
— Үй сатып алууда наркынан арзаныраак алуунун кандай жолдору бар?
— Бишкектеги сооданын масштабдуу түрүнө албетте кыймылсыз мүлк кирет. Үй сатып алууда көбүрөөк сумма менен компанияга барганда алар дагы баасын түшүрүп беришет. Ал эми узак мөөнөттүү бөлүп төлөө жолу менен үй алып жатканда ортого тааныштарды салган жакшы. Ошондой эле курулуш компанияларынын жетекчилери менен түз сүйлөшүп көрсө дагы болот. Бир канча жыл чогулткан акчасына үй алып жаткан соң, соодалашуу процессинен тартынбоо керек. Мындан тышкары, бир канча достор же туугандар бир компаниядан үй алган учурда дагы айрым компаниялар жеңилдиктерди түзүп берүү жагын карайт.
Касиет Кубанычбек кызы