2021-жылдын 22-сентябрында Кочкор РИИ бөлүмүнүн «Жол кырсыгын камсыз кылуу бөлүмү» уюштурулган иш- чара Кочкор айылынын мектеп окуучулары арасында жол коопсуздугун камсыз кылуу жана ошондой эле жол кырсыгын алдын алуу максатында иш- чара өткөрүлдү.

Кочкор районунун акими Курбанбек Камчиев жүрүш жөнүндө айта кетти:
«Урматтуу коноктор, катышуучулар жана окуучулар. Бүгүнкү күндү Кочкор районунун аймагында жол кырсыктарын алдын алуу, өзгөчө жаш балдардын катышуусунда Кочкор РИИ бөлүмүнүн, жол кырсыгын камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жана Кочкор Райондук Билим берүүчү мекемелер менен бирдикте:»Авто жүрүш», «Салам мектеп»аталышындагы жүрүш уюштурулуп, жүрүп жатат… »

Курбанбек Камчиев

Жүрүш учуру
Жыйынтыгында, Кочкор райондук мамлекеттик администрациянын башчысы Курбанбек Камчиев мектептерге жана мектеп окуучуларына сыйлоо баракчаларын тапшырып, иш-чара окуучулардын жүрүшү менен коштолду.
Сюита Түмөнбаева