Жакында эле курулуп баштаган футбол талаасынын ачылышын көптөн көп күттүк эле. Барскоон айылындагы курулуп жаткан футбол талаасынын ачылышы айыл тургундарына кош майрам алып келди. Футбол тала 9-май Улуу Жеӊиш күнүнө катар, парад басылып, курман болгон жердештерибизге куран окулгандан кийин КР Жогорку Кеӊешинин депутаттары Эркингүл Иманкожоева, Талант Макишов, райондук администрация, айыл өкмөтү жана ардактуу ардагерлердин коштоосунда кызыл лента кесилип аземдүү ачылышы болду.
Футбол аянтынын босогосун биринчилерден болуп Улуу Жеӊиштин ардагери Акей Канатаев атабыз аттап, топ тебүү менен ачып берди. Ага катар эле мектеп окуучулары, айылдын таланттуу инсандары менен концерттик программага күбө болдук.
Футбол аянтын курган «Саландитред» фирмасынын жетекчиси Дүйшөн Мамбетов төмөнкүлөргө токтолду:
— Полянын заказчиги Барскоон айыл Айыл Өкмөтү болду. Ал эми подрядчиги Саландитред деген фирма курду. Строй норма менен жакшы курулду. Мен Саландитред фирмасында прораб болуп иштейм. Фбол талаасы 10 жылда бирден жаӊыртылып турат. Айыл Өкмөтүндөгү сметалык басы 3000000. Ошондо айыл өкмөтүнөн 20% өздүк салым. Ал эми калганы грант менен келди. Айыл Өкмөтү тарабынан 20% өздүк салым, ал эми калгандарын кимдер каржылап берген жана кош майрамга арналган салтанат жөнүндө Барскоон айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Азимкүл Жаныгулова кабарчыбызга төмөндөгүлөрдү айтып берди:
— Футбол талаасын биз стимгранттан 3380000 акча каражат бөлүнүп, өздүк салым айылдык кенештен 20% жана өнүктүрүү фондунан 10% болду. Ошонун негизинде футбол талаасы курулду. Чоӊ салтанат болуп, ачылыш өткөрдүк. Мурунку ветеран футбалистер жана жаӊы командалар келип өз оюундарын элдерге тартулашат. Бул футболдук аянтчага ар бир иш чара өткөрүлгөн сайын ар кандай оюундар жана футболдор өткөрүлүп турат. Бул дайыма айыл өкмөттүн кароосунда болот, эскирген краскалары жаӊыртылып сырдалып, акталып, айлана –тегереги тазалап турабыз. Мындан тышкары жыл сайын бюджеттен акча каражаты которулуп турат.
Концерттик программа бүткөндөн кийин ветеран жана башка айыл өкмөтүнөн келген футбол командалары өз оюундарын көрсөтүшүп, уткан командаларга атайын белектерди, акчалай сыйлыктар тапшырылды. Элдин кызуу көрүп отурган жеринен айыл тургуну Анаркүл Бердиматова эжебиздин оюун билдик:
— Барскоондо бүгүн сонун майрам болуп жатат. Анын үстүнө кош майрам болуп жатат. Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдыгына карата айыл өкмөтү кичи футбол аянтчасын ачып, элдин маанайы аябай жакшы болуп жатат. Райондон, облустан келип жатышат, биздин Бапа кому келип жатат. Мыналык деӊгээлде майрам болгон эмес. Дагы элдин бары футбол көрүп тамака да барбай отурушат. Концерт болсо жакшынакай өттү. Номурлардын бары көӊүлдөгүдөй болду. Айрыкча Мунаркүл Исмаилованын жетектеген бийчилер «Адеми» тобу жакшы болду. Айыл өкмөтүнө ыракмат. Ал келгени Барскоон шаарга айланып жатат.
Барскоон айылында иш чаралар барган сайын жакшырып, элдин көӊүлү уламдан-улам көтөрүп келет. Башка элдердин көӊүлүн буруп айылдын өнүүүсүнө өбөлгө түзгөн айыл өкмөтүнтереӊ ырааычылыгыбызды билдиребиз.
Даярдагандар Айдай Кудайбергенова, Эрлан Абласов.