Токтояндын дагы бир баатыр уулдарынын бири Иса Күчүков. Ал эл үчүн кызмат кылып мектеп, китепкана жана жол салдыртып берген. Ошол кылган эмгегин эл баалап анын атын көчөгө ыйгарышты.
Иса Күчүковдун бала-чакалары атасынын аты көчөгө берилгендиги үчүн куран окутуп, той өткөрүштү. Тойго 250дөй адам конок болуп кетишти.
Элине кандай кызмат кылгандыгы жөнүндө баласы Исаев төмөнкүлөрдү айтып берди:
“Маркумдар даңкталмайынча тирүүлөр баркталбайт” дейт. Ошого биз куран окутуп элди чакырдык. Бул киши райисполкомдо иштей баштаганда атайын акча бөлдүртүп Токтоян район борборунан эң эле алыс, жаштар билимден артта калды деп, кызыл чатырлуу мектеп салдырткан. Ошол салып аткандарга тамак-ашын алып барып, жакшы бүтүрүп берүүсүн өтүнгөн”, — деп билдирди уулу
Уулу Шайыкмат Исаевдин айтымында, Токтоянга машина такыр келе албаган кезде, жолду биринчилерден болуп жасаткан. Бул киши согушка барбаса да, анын эмгеги бааланып “Кызыл жылдыз”, “Эмгек Кызыл туу” орденине татыган.
“Бирок айылын өтө жакшы көргөн. Өтө жөнөкөй жашаган. Аны менен теңдер аябай бай болгон. Үйүндө жөнөкөй муздаткыч жок болчу. Аты 62 түтүнгө берилди. Бөлүнгөн участоктор бар экен, оңдоп бересиңерби дейт, макул болдук. Эч ким демөөрчү болгон жок, өзүбүз эле”- деп кошумчалады уулу
Автору: Адина Осмонова
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка