Айыл тургуну Кудайберген Абдылдаев жаз келээри менен каргага жумуртка бастырат. Быйыл анын каргага жумуртка бастырып жатканына беш жыл болду. Быйыл дагы ал карганын жумурткаларынын ордуна тооктун жумурткаларын салды.
“Быйыл каргага 28 жумуртка салып, анын 16сы чыкты. Калганын жакынкы арада чыгарышат. Ар бир каргага экиден жумуртка салгам. Каргалар тоокко караганда жѳжѳлѳрдү жакшы чыгарышат, жумурткаларды тооктордой болуп сасытып жибербейт. Алар жѳжѳнү 21 күндѳ чыгарышат. Чыгарарына аз калганда бакка чыгып, жѳжѳлѳрүн карап, чыккандары болсо алып түшүп, ѳзүнчѳ багабыз. Карга чыгарган жѳжѳлѳр тооктукуна караганда тың болушат, ѳлбѳй жакшы чоңоёт”, — дейт ал.
Даярдаган: Гүлжан Нуркасым кызы, Калыгул Максат уулу