Ашырбай Коёнкѳзов атындагы №18-Токтоян жалпы орто билим берүү мектебинин 11-классын 12 окуучу аяктоодо. Алардын ону азыр алдыдагы мамлекеттик тестирлѳѳгѳ кызуу даярданып жаткан учуру.
Мектеп директору Калык Албанов ата-энелердин жана мугалимдердин катышусунда 11-класстын окуучуларына чогулуш уюштурду.
“ЖРТнын негизин алгебра жана кыргыз тили түзѳт. Андан тышкары профилдик да тесттер болот. Окуучулар ѳзүлѳрү тандаган кесибинин негизинде ошол кесипке тиешелүү сабактардан да даярданып жатышат”, — деп билдирди Албанов.
Бүтүрүүчүлөр үч ирет даярдык тестке барып келишти. Ал тестирлѳѳнүн экисинин жыйынтыгы келгенин, алдыңкы окуучулардын жакшы балл алышканын мектеп директору кошумчалап өттү. Ошондой эле кѳп окуучулардын баллы канааттандыраарлык болгон жок дейт мектеп директору Албанов.
Мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими 11-класстын окуучуларынын кыргыз тили сабагынан билим деңгээли жакшы экенин айтты.
“Окуучулар жогорку окуу жайга (ЖОЖ) ѳтүш үчүн тесттин негизин кыргыз тил менен алгебра түзѳѳрүн жакшы билишет. Ошол себептен ѳзүлѳрү да чымырканып окуп жатышат. Ошондой эле атайын Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин тест жүргүзүү борборунун атайын жалпы билим берүүчү мекемелердин окуучуларына жана ЖОЖдорго тапшыруучулар үчүн тест тапшырмалар жыйнактары менен даярдантып жатам”, — деди мугалим Алымбек Байгашкаев.
11-классынын окуучусу Гүланда Ибраева ЖРТга кандай даярдыктарды кѳрүп жаткандыгы жѳнүндѳ тѳмѳндѳгүлѳрдү айтып берди:
“Мамлекеттик тестирлѳѳгѳ алты айдан бери даярданып жатам. Үч жолу даярдык тестине барып келдик. Бирок ал тестибиздин жыйынтыгы орто болуп калды. Ал тесттер биз үчүн сабак болду. Алдыда май айында боло турчу тестке жакшы даярдыктар менен барып, жакшы бал алабыз деген ниеттебиз. Тесттин негизи кыргыз тили менен алгебра сабагы болгондуктан, ошол предметтер боюнча мектептен сырткаркы убакта жумасына эки жолу келип, тест китептер менен даярданып жатабыз”, — дейт ал.
11-класстын окуучулары тесттен жакшы бал алышып бары ЖОЖго ѳтүшсүн деп тилейбиз.
Даярдаган: Гүлжан Нуркасым кызы. Рита Кеңешова
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка