«Спорт-ден соолуктун булагы» дегендей Барскоон айыл жаштарынын суранычынан улам айылдык мектепке Грек-Рим күрөшү боюнча машыгуу залы ачылган. Күрөшкө жалпысынан отуздан ашык мектеп окуучулары катышат.
2018-жылдын 27-январында Барскоон айылынын тургуну Догдурбек Чынгышевдин жаркын элесине арналган турнир болуп өттү. Бул турнирге жалпысынан 5-облустун окуучулары катышты. Ал турнирдин жыйынтыгында, жалпысынан Барскоон орто мектебинин 11 окуучусу байгелүү орунга жетишип, Барскоон айылынын атын чыгарды. Аталган күрөшкө мектеп окуучулары 1-класстан баштап катыша алышат. Ал жерде ар бир окуучу өзүнүн ден-соолугуна кам көрүү менен алектенишет. Грек-Рим күрөшүнүн үч жылдан берки машыктыруучусу Бакыт Макеев окуучуларынын жетишкендиктери жөнүндө мындайча айтып берди:
«Машыгуу учурунда баарын көзөмөлдөө керек. Кырсык каш –кабактын ортосунда дегендей аны көзөмөлдөп карап туруу керек, жооптуу тренер болгондон кийин. Жаӊы келгендери бар алар билбейт, аларды үйрөтүү керек. Балдардын өзүлөрүнүн кызыгуусу болот биринчиден. Андан кийин биздин өзүбүздүн талабыбыз бар, ата-энеси уруксат бериш керек. Эгерде кокустук болуп кетсе, эне-атасы өзүбүз жооп беребиз деп уруксат кагазын жазып беришет. Ошонун негизинде иш алып барабыз. Жакында эле өзүбүздүн айылда турнир өттү. Догдурбек Чынгышевдин жаркын элесине арналган турнир 27-январда өттү. Ошол турнирден биздин 11 балабыз медаль алышты орундарга жетишип. Биринчи орунга үч, экинчи орунга үч, ал эми үчүнчү орунга төрт окуучубуз жетишти».
Азыр айыл жеринде жаштар спортко көп кызыгууда. Жеке эле күрөш эмес, таяк тартыш, волейбол, футбол, шахмат сыяктуу оюндарга кызыгуу көп жаралууда. Бул спорттун түрлөрүнө ар бир ата-эне өз макулдугу менен балдарын жиберүүдө. Ар бир оюундун машыктыруучулары ата-энелер менен келишим түзүүнүн негизинде машыктырышат. Үч баласын күрөшкө катыштырган айыл тургуну Асел Касмалиева «Эгерде балдарым күрөштөн бир жерин кокустатып алса эч кандай доом жок» деген сөзүн кабарчыбызга айтып өттү:
«Эми күрөшкө катышып жаткандан кийин кокустук болуп кетсе, бирок болбой эле койсун болуп кетсе мен аларган эч нерсе кылбайм. Бизге ошол келишим келген, кол коюп бергем. Эгерде балдарым бир жерин кокустатып алса, аларга эч кандай доом жок. Өзүм каржылап баарын өзүм мойнума алам».
Көп жылдан бери күрөш менен машыгып, 2016-жылдан баштап ийгиликтерге жетише баштаган Эшманбет Кендирбаев орто билим берүүчү мектептин 9-классынын окуучусу Мирланбек Жолдошбек уулу, «Бизди эч ким деле каржылабайт. Айылдан тышкары турнирлерге чыкканда ата-энелерибиз жол кире, тамак аштарыбызды камсыздап берет», деген сөзүн жана жетишкен ийгиликтери жөнүндө төмөнкүлөргө токтоло кетти:
«Түштө үйгө барып үй жумуштарын жасап, кечки саат алтыда тренировкага келебиз. Менин биринчи жетишкен ийгилигим, 2016-жылы Барскоондо турнир болгон. Ошол турнирде мен үчүнчү орунду алгам. Ошондон баштап ийгилик жаратып келе жатам».
Сөздүн соӊунда биздин келечегибиз болгон жаш спортчуларга ден-соолук жана мындан кийин дагы чоӊ-чоӊ ийгиликтерди жарата беришине тилектешпиз.
Даярдаган: Эрлан Абласов, Назик Казиева