Кыргызстандагы бизнес уюмдары өлкөдө ишкерчиликке аралашкан айымдардын саны өсүп жатканын айтышууда. Бүгүнкү күндѳ айыл жериндеги айымдар тигүү ишканаларын ачып кыз- келиндерди иштетип келишет. Бул да болсо айылдын ѳсүп-ѳнүгүүсүнѳ чоң салымын кошот. Тактап айтсак, Бүбайда Орозобекова 1996- жылдан бери тигүү ишканасын ачып жетектеп келет.
Алгач түймѳ түйүү менен баштап, андан соң тикмечилик кесипти кошуп, азыркы учурда боз үй жасоону да ѳздѳштүрдү. Азыркы заманда кыргыздын боз үйүн ар бир адам эле жасай бербейт. Бул ѳнѳрдү чанда эле айымдар аркалабаса кѳпчүлүгү жеңил бизнеске качышат эмеспи. Бүбайда эже жасаган боз үйлѳрүн Франция, Казакстан мамлекеттерине да сатууга жетишти. Эже жалпысынан тогуз боз үй жасоого да үлгүргѳн. Бир боз үйду толугу менен бир жыл ичинде бүтүрүүгѳ болоорун Бүбайда Орозобекова айта кетти:
«Боз үй Кыргызстан боюнча үчүнчү орунду алды. Султан Раевдин колунан алган значокторум, күбѳлүктѳрүм турат. Анан ошол кызыгуум ого бетер артып калды окшойт, андан кийин деле такыр таштаган жокмун. Бул баягы хобби сыяктуу кетет да. Бир жылдын ичинде толук боз үйдү жасап бүтѳ алам».
Аталган ОсОО «Бакыт» ишканасы айылдагы чоң тигүү ишканаларынын бири. Бул ишканада жалпысынан отузга жакын кыз келиндер аркалап атат. Алардын ар бири колдорунан келген иштерди жасоо менен алектенип келишет. Ишкананын негизги жумушу тигүүчүлүк жана кызга сеп даярдоо болгондуктан, боз үй ышкый боздук катары жасалат. Бул ишканада 21 жылдан бери башкы эсепчи болуп эмгектенип келе жаткан Эрмек Шобоевтин айтымында, жѳнѳкѳй бир боз үйдү жасоого болжол менен эки жүз миңдей каражат сарпталат,-деп билдирди.
«Боз үйдүн жасалгасына жараша баалары болот. Эгерде жѳнѳкѳй боз үй болсо эки жүз миңге чейин каражат сарпталат. Полу, тегерек шырдактары бардык жасалгалары менен жогорку деңгээлде жасалган кыргыз боз үйү болсо ага кѳбүрѳѳк каражат кетет».
Ал эми эксперттердин айтымында элет жериндеги айымдар тигүү ишканаларын ачып, кыз- келиндерди иш менен камсыз кылып келет. Бирок, бардык эле ишканалар буттарынан туруп ийгилик жаратып кетет деп айтуу кыйын. Бул тармакта иштеген айымдардын кээ бирлери атайын окууну бүтүп иштешет, ал эми кээ бир айымдар тубаса шыгы барлар иштѳѳдѳ. Ошол себептерге байланыштуу «Бизнес айымдар» деген теманын алкагында атайын окуулар ѳткѳрүлүп, кеп кеңештер берилүүдѳ. Бул тармакта аркалаган айымдардын кѳйгѳйлѳрү да бар. Бул кѳйгѳйлѳрдү кандай жол менен жокко чыгара алабыз?-деген суроо менен коомчулукту ѳнүктүрүү боюнча эксперт Кыял Тилебалдиевага кайрылып кѳрдүк.
«Бизнес айымдар каяктан сатуучуларды таап алат, кандай кылып аларга жеткирет деген ошол маркетинг жолдорун жакшы кылса дейбиз. Бизнесте кандайдыр бир ушул боюнча жакшы консультацияларды анан кѳбүнчѳсү сатуу жолдорун уюуштуруп берүү зарыл деп ойлойм».
Негизинен айта кетсек, бир ишканада кѳп жылдан бери эмгектенген адамды ишине так жана тыкан деп айтууга болот. Бир орунда талыкпай эмгектенип эмгек стажысын да жогорулатып, жамаат арасында кадыр барка да ээ болот эмеспи. 20 жылдан бери Бүбайда эже менен бирге эмгектенип, колуна кол, бутуна бут болуп калган Рахат Үсѳнбаева ишкананын жетекчиси Бүбайда эже ар дайым кыздарга сый- урмат менен мамиле жасаарын тѳмѳндѳгүдѳй билдирди:
«Бизде дайыма жумуш болуп турат. Бизде кыздын себин жасайбыз, элдин заказын алабыз. Ишкананын жетекчиси Бүбайда эже бизге жакшы шарттарды түзүп берет, жакшы жетекчи иш менен камсыз кылып турат жумушубуз бар. Эже, биз ката кетирген убакта дагы сабырдуулук менен мамиле кылат».
Коомдо аял затынын орду үй-бүлѳдѳ деп айтылат эмеспи. Аял заты бала да тѳрѳп, үй-бүлѳнү да багып, бизнес да ачууга жетишип жатышат. Айымдардын иштери ийгиликтүү болуш үчүн ар дайым колдоо кѳрсѳтүшүбүз керек. Айымдар, ишиңиздерди ар дайым ийгилик аркалап турсун.
Даярдаган: Эрлан Абласов, Гүлкайыр Осмоналиева