ЮНИСЕФтин Сүлүктү шаарындагы волонтёрлору тарабынан уюштурулган Өзгөчө кырдаалдарга даярдык боюнча окуу-машыгуулары коомдук мекеме уюмдарда өтүп жатат.
«Демилгебизди социалдык мекеме ишканалар колдоого алып, биз менен бирге окуү-машыгууларды өткөрүп жатат. Өзгөчө Сүлүктү шаарындагы мектептер, бала бакчалары активдүү катышууда»,- дейт волонтёр Кызжибек Саматова.
«Алдын ала мекеме ишкананын жетекчилиги менен макулдашып өзгөчө кырдаалды билдирген конгуроо чалынганда бардык окуучулар ошол замат сыртка эвакуация болот. Биз бардыгына көз салып карап турабыз. Сыртка чыгып «коопсуз» орунга чогулганда кимде кандай кемчилик болсо ошону айтып, оңдоп беребиз. Биз менен чогуу келген ЮНИСЕФтин волонторлору чогулгандарга өзгөчө кырдаалдар боюнча жаңы маалыматтарды берет»- дейт волонтер Нургүл Халжигитова.
Даярдаган: Барчиной Алимова