Сүлүктүдөгү Кушматов атындагы гимназиянын жогорку класстарынын ортосунда өз ара жардамдашуу иштери жолго коюлду.
«Сабактан кийин китеп окуу, сабакка даярдануу жана дебат искусствосу жөнүндө билимибизди жана тажрыйбабызды өзүбүздөн кичине класстарга бөлүшүүнү чечтик. Аларга түшүндүрүү менен бирге өзүбүз билимибизди бышыктап алат экенбиз»- дейт 11- класстын гимназисти Канайым Абдигапарова.
«Жогорку класстын окуучулары сабак өтүп берсе кызыктуу болот экен. Суроолорубузду эркин берип, өзүбүзгө жеткиликтүү жооп ала алдык. Анын үстүнө бизге жардамга келген ага-эжелерибиз бардык өз предметтери боюнча облустук, республикалык деңгээлдеги олимпиаданын жеңүүчүлөрү. Сабак окуунун жөнөкөй жолдорун үйрөттү. Ар жүма ушундай сабактар болсо жакшы болот эле»,- дейт 8-класстын гимназисти Бегайым Хамдамова.
Даярдаган: Нургүл ХАЛЖИГИТОВА